www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Туңгуч кичи районунун 36/1 дарегиндеги 9 кабаттуу курулуш объектисине текшерүү жүргүзүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Тактап айтканда, жер казуу иштери (котлован) бекитилген долбоордук чечимдерден четтөө менен казылганы аныкталды. Бул жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучун жаратып, коопсуздук талаптарынын бузулган.

Жыйынтыгында, жооптуу тарап - “МАЭК Строй” ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, мыйзамда белгиленген тартипте 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, объекттеги иштер долбоордук чечимдерге жана белгиленген курулуш ченемдерине ылайык келтирилгенге чейин курулуш токтотулду.

Аныкталган мыйзам бузуулар жоюлуп, белгиленген талаптар аткарылганга чейин объект Департаменттин Бишкек шаардык башкармалыгынын көзөмөлүндө болот.

Последние новости