www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-июлда экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Цинхай провинциясында өткөн Кыргызстан-Кытай соода-экономикалык жолугушуусуна катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, Кытайдын Цинхай провинциясы менен бул соода-экономикалык жолугушуу «Ысык-Көл-2023» VII Эл аралык экономикалык форумунун алкагында өттү, ал жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана Кыргызстан менен дүйнө өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө багытталган.

Малаев быйылкы жыл кыргыз-кытай иш-чараларына эң жогорку деңгээлде, аймактар аралык кызматташтык жана бизнес деңгээлинде дагы бай экендигин белгиледи.

Белгилүү болгондой, 1994-жылдан бери «Кыргызстан-СУАР КЭР» координациялык тобу аймактар аралык кызматташтык деңгээлинде иштеп, аны КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана КЭР СУАРдын Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сун Хунмэй жетектеген.

Соода-экономикалык жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Цинхай провинциясынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости