www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү Индонезия, Шри-Ланка жана Таиландда суу ташкыны жана жер көчкүсү 1200дөн көп кишинин өмүрүн алды, 800дөн ашууну дайынсыз болууда.
Өткөн аптада башталган муссон жамгырынан дарыялар ташкындап, инфраструктура кыйрады жана шаарларды суу каптады.
Акыркы маалымат боюнча Индонезияда 659, Шри-Ланкада 390 жана Таиландда 181 киши каза тапты. Эң катуу жабыркаган Индонезияда куткаруучулар Суматра аралындагы айылдарга араң жетти. Ал жакта көпүрөлөрду жана жолдорду суу алып кетти. Бийлик аба ырайынын начарлашы куткаруу иштерин татаалдаштырганын билдирди. Өлкөдө жаратылыш кырсыгынан 3,2 миллион киши жабыркады, 2600ү жарадар болду, 470 тургундун дайыны табыла элек.
The Guardian басылмасынын жазганына караганда, жыл сайын болуп труучу сезондук нөшөрдөн тышкары быйыл абалды тропикалык бороон-чапкын да кыйындатты.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аймакка өз тобун жөнөтүп жатканын жана эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөткөнүн билдирди.