www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда «Отработка» рейдинин жүрүшүндө милиция кызматкерлери мал уурулукка шектелген жаш балдардан турган тобун кармашты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-ноябрда саат 00:00дөн 05:00гө чейинки аралыкта белгисиз адамдар Чүй районунун Кош-Коргон айылындагы 1969-ж.т К.Э. атту жарандын жеке турак үйдүн короосуна мыйзамсыз кирип, сарайдан бир жаштагы күрөң түстөгү музоосун жашыруун уурдап кетишкен. Жабырлануучуга 35 000 сомду түзгөн материалдык зыян келтирилген.
Бул факт Чүй РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-1-беренесинин (Мал уурулук) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан мал уурулукка шектелген, 2007-ж.т. И.Ш., 2006 ж.т. А.А., 2007 ж.т. А.З. кармалган.
Тергөө учурунда шектүүлөр уурдалган музоону сатып жибергени аныкталган. Музоо сатып алгандардан алынып, далил катары таанылып жана жабырлануучуга кайтарылып берилген.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө амалдары улантылууда.