www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын чалгын кызматы маркум Ирандын жогорку лидери Рухолла Хомейниге байланышкан өтө жашыруун документти ачыкка чыгарды.

Улуттук чалгын уюму — Milli İstihbarat Teşkilatı (МИТ) 1964-жылдын 11-ноябрына таандык «өтө жашыруун» деген белгиси бар документти жарыялаган.

Документте Иран революциясынын лидери Рухолла Хомейнинин Түркиядагы сүргүн мезгили сүрөттөлөт.
Документте мындай деп айтылат: «Ирандык конок Түркияга келип, аны Бурса шаарында жайгаштыруу уюштурулду. Коноктун жашаган жери жана башка маселелер Бурса миграция башкармалыгы тарабынан жеке көзөмөлгө алынат. Бул боюнча бардык керектүү көрсөтмөлөр Бурса миграция башкармалыгына жазуу жана оозеки түрдө берилди. Конокко байланыштуу бардык шифрленген кат алышууларда “белли” деген псевдоним колдонулат», — деп ошол кездеги МИТ башчысы Зия Селишик белгилеген.

Белгилей кетсек, Хомейни 1962–1963-жылдары шах режими учурунда Иранда кармалгандан кийин, 1964-жылдын 4-ноябрында уулу Мустафа менен бирге Түркияга депортацияланган. Алгач ал Анкарага алып келинип, андан соң бир аз убакыттан кийин МИТтин көзөмөлүндө Бурса шаарында 7 ай жашаган.
Маалыматка ылайык, Хомейни Бурса шаарында перс тилин билген МИТ кызматкери, полковник Али Четинердин үйүндө жашаган.

Последние новости