www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Германияга карата катаал эскертүү жасады. Ал Иран айланасындагы жаңжалга тышкы кийлигишүү Түркия тарабынан “душмандык аракет” катары кабыл алынып, анын кесепети болорун билдирди.
Бул билдирүү Германия Иранга каршы Израилди колдоп согушка аралашышы мүмкүн деген талкуулардын фонунда айтылды. Анкара мындай сценарийде аймактагы тең салмактуулук бузуларын белгилеп, өз кызыкчылыктарын жана коопсуздук приоритеттерин коргоого даяр экенин кыйытты.
Түркия бул позициясы менен согуштун географиясы кеңейсе, өзү да активдүү роль ойношу мүмкүн экенин ишарат кылды. Бул болсо кризистин дагы да тереңдешине алып келиши ыктымал.
Белгилей кетсек, Түркия акыркы жылдары аймактык саясатта өз алдынча позицияны карманууга умтулуп келет. Анкара бир жагынан Батыш менен союздаш, экинчи жагынан Иран менен түз тирешүүдөн качып, тең салмак саясатын жүргүзүүгө аракет кылып келген.