www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 15 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Топтун мүчөлөрү административдик имараттарды, соода борборлорун жана кеңсе жайларын тоноо менен алектенип, өлкө аймагында бир катар ири уурулук жана каракчылык кылмыштарына шектелүүдө. Жалпы материалдык зыян 25 млн сомго жеткени айтылды.
Кылмыш жасоодо алар өздүгүн жашыруу үчүн силикон маскаларды, париктерди, ошондой эле конспирациялык ыкмаларды колдонушкан.
Атайын операция учурунда бир нече шектүү кармалып, тинтүү маалында сейфтерди ачууга арналган жабдыктар, радиостанциялар, GPS-трекерлер, сигнал басаңдаткычтар, ошондой эле ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана баңгизаттар табылган.
Кармалгандарга "уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренеси боюнча айып тагылып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди.
ИИМдин маалыматына ылайык, топтун ишмердүүлүгүнө абакта жазасын өтөп жаткан айрым адамдардын да тиешеси болушу мүмкүн. Учурда тергөө иштери уланууда.