www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтү быйыл тарыхый жетишкендик катары бириктирилген мамлекеттик бюджеттин көлөмү 1 триллион сомдон ашканын жарыялады. Расмий отчёттордогу оптимисттик маанайдагы шаңдуу айтылган цифраларга ишенсек, экономиканын 10 пайыздык өсүшү, салык жана бажы кирешелеринин рекорддук жыйымы, профицит менен жыйынтыкталган бюджет, баары жомоктогудай... 

Чынында, быйыл мамлекеттик бюджеттин рекорддук көлөмдө байышына негиз берген жагдайлар көп болду. Финансы министрлигинин бюджеттик документтерине көз чаптырсак, өкмөт быйыл он айда чет өлкөлүк өкмөттөрдөн 1 млрд 343 млн сом, эл аралык уюмдардан 10 млрд 688 млн сом трансферт алган. Алар бюджетте так көрсөтүлүп турат. Муну менен катар мамлекеттик баалуу кагаздар аркылуу ички булактардан 120 млрд сомдой, евробонд аркылуу чет элден 700 млн доллар карыз алган. Улуттук банк да 2024-жылы тапкан 45,7 млрд сом кирешесин чыпчыргасын коротпой бюджетке которуп берген. Улуттук коопсуздук комитети коррупцияга каршы күрөштүн алкагында алынган каражаттар менен мүлктөрдү мамлекеттин пайдасына чегерип келет. Бул жагдайлар  “өсүп жаткан” бюджеттин курамына кирген-кирбегени белгисиз, бюджет мыйзамынын долбоорунда алар тууралуу сөз болгон эмес.

Өкмөт ИДПнын өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирдик деп мактанууда. Чындыгында, кагаз жүзүндө экономика өсүп жатат. Бирок бул өсүш тең бөлүштүрүлбөй жатканын статистика өзү эле көрсөтөт. Калктын эң бай 20 пайызы жалпы кирешенин жарымын ээлеп турса, эң жакыр 20 пайызына 5 пайызга жетпеген үлүш тийет. Байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырым 10 эсеге чыгып кетти. Бул кооптуу коңгуроо. Мындан улам, экономикадагы триллиондук өсүштү ким сезип жатат деген суроо жаралат?

Дегенибиз, экономикалык өсүш социалдык адилеттүүлүк менен коштолбосо, ал эл үчүн жетишкендик эмес, тескерисинче, кошумча жүккө айланат. Инфляция 9 пайыздан ашты, насыялар кымбаттады, баалар өсүүдө. Айлык же пенсия көбөйгөнү менен, анын сатып алуу мүмкүнчүлүгү азайып барат. Натыйжада триллиондук бюджет элдин капчыгында сезилбей калууда.

Демек, маселе бюджеттин көлөмүндө эмес, анын багытында. Андыктан канча акча жыйналганы эмес, ошол акчанын коомго канчалык адилет бөлүштүрүлүп, жашоонун сапатын чындап жакшыртып жатканы айкын болушу керек. Болбосо бюджет триллиондук болгон менен элдин турмушу баягы эле деңгээлде кала берет.

Последние новости