www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык кеңештин колдоосу астында уюштурулган «Коррупцияга каршы чогуу!» аттуу Эл аралык жаштардын социалдык антикоррупциялык жарнама сынагынын жыйынтыктары чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы билдирди.
Сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан 1000ден ашуун чыгармачыл эмгек келип түшүп, конкурстук комиссия тарабынан кылдат каралды. Натыйжада «Эң мыкты видеоролик», «Эң мыкты сүрөт» жана «Эң мыкты плакат» номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, аларга дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.
“Эң мыкты видеоролик” номинациясы боюнча:
1-орун: Ноорузбекова Нуркыз Ноорузбековна (мугалими Жанар Абдрасулова) Ысык-Көл облусунун Борскоон айылы
2-орун: Сыдыков Алихан, 11 жашта (мугалими Тыныбек Сагынбеков, 25 жашта) Чүй облусунун Токмок шаары
3-орун: Виктория Белокурова, 17 жашта, Чүй облусунун Шопоков шаары
“Эң мыкты сүрөт” номинациясы боюнча:
1-орун: Аяра Мамытбекова, 16 жашта, Бишкек шаары
2-орун: Тэлли Мейтиева, 22 жашта, Бишкек шаары
3-орун: Тен София, 16 жашта, Бишкек шаары
“Эң мыкты плакат” номинациясы боюнча:
1-орун: Тургунбаев Умар, 10 жашта (мугалими Жанышбек Көчөров) Баткен облусунун Кадамжай району
2-орун: Наргиза Сапарбаева, 20 жашта, Бишкек шаары
3-орун: Жолдошев Нуртилек, 24 жашта, Чүй облусунун Токмок шаары