www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев 28-майда, Талас жергесинде “Манас Ордо” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жүргүзүлүп жаткан реконструкциялык иштер менен жеринен таанышты. 

Төрөбаевдин айтымында комплексти реконструкциялоо иштери - өз убактысында бүткөрүлүп, курулуштун баардыгы сапаттуу болушу керек.

Учурда бул ыйык жайда масштабдуу жаңылануу иштери активдүү жүрүп жатат.

"Бул комплекстин башкы сыймыгы болгон Манастын күмбөзү өзгөчө көзөмөлгө алынып, анын тарыхый жана архитектуралык өзгөчөлүктөрүн сактоо менен реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Элдик уламыш боюнча бул жерге улуу Манас баатырдын сөөгү коюлган деп айтылып келет. Ошондуктан бул жай кыргыз эли үчүн өзгөчө руханий мааниге ээ.

Жаңы долбоордун алкагында заманбап музей, конгресс-холл, амфитеатр жана этно-аймактар курулуп жатат. Мунун баары ички жана тышкы туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, комплекстин күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берет",- деди Төрөбаев.

“Манас Ордо” — бул жөн гана тарыхый жай эмес, бул кыргыз элинин улуттук биримдигин, тарыхын жана руханий дүйнөсүн даңазалаган ыйык борбор. Президенттин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты — улуттук мурастарыбызды сактоо менен бирге, аны заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүү болуп саналат.

Последние новости