www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Латвия Россия менен чек арасына “ажыдаардын тиштери” деп аталган бетон тосмолорду орното баштады. Бул тууралуу LSM билдирди.

Маалыматка ылайык, коргонуу максатындагы курулуш иштерине керектелген жерлер мамлекет тарабынан алынган. Жер ээлерине компенсация төлөнүп берилүүдө.

Келечекте чек ара тилкесине танкага каршы аңдар да казылары пландалууда. Долбоор болжол менен эки жыл мурун Литва, Эстония жана Польша менен биргеликте башталган. Аны 2028-жылга чейин толук аяктоо көздөлүүдө.

Латвиянын Россия жана Беларусь менен жалпы чек арасынын узундугу болжол менен 450 чакырымды түзөт. Бирок быйыл анын 8 чакырымы гана бекемделмекчи.

LSM маалымдагандай, ар биринин салмагы болжол менен 1,5 тонна болгон бетон блоктор туурасы 10 метрге жакын тилкеге үч катар болуп жайгаштырылууда.

Последние новости