www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бүгүн, 12-декабрда, Ош облусунун Кара-Суу районунун Большевик айылында жайгашкан Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун Кыргызстан пахтачылык станциясынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратын пайдаланууга берүү аземине катышты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасында билдирди.
Айтымында, аталган станция 1926–1927-жылдары Фергана өрөөнүндө пахта өстүрүүнүн илимий негиздерин изилдөө үчүн негизделген жана өлкөнүн өсүмдүк өстүрүү тармагындагы маанилүү мекемелердин бири болуп келет.
"Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын жана жеке көзөмөлүнүн негизинде имаратты толук жаңылоого 33 млн сом бөлүнүп, 1 788 чарчы метрлик үч кабаттуу объект калыбына келтирилди. Эми бул жаңы имарат Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы дыйкан-фермерлер үчүн министрликтин аймактык өкүлчүлүгү катары кызмат кылып, бардык ведомстволук түзүмдөрдүн ишин бир жерден аткарууга шарт түзөт.
Ошондой эле илимпоздор үчүн лаборатория, китепкана, конок бөлмөлөрү сыяктуу заманбап шарттар каралган.
Имаратта ачылган “Фермерлерди тейлөө борбору” аймактагы дыйкан-фермерлердин бардык маселелерин жеринде чечүүгө багытталган. Бүгүн фермер жөн гана жер иштетпестен, жаңы технологияларды колдоно алган, ой жүгүртүүсү кең, атаандаштыкка жөндөмдүү заманбап агро-бизнесмен болушу керек, ал эми аймактарда фермердин жаңы образын түзүү иштерин күчөтүү зарыл, бул иштерди ишке ашыруу үчүн тиешелүү жетекчилерге коюлган тапшырмаларды так аткаруусу милдеттендирилди", - деди Төрөбаев.