www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жүк ташуучу унаалардан жана автобустардан жыйымдарды алуунун маалыматтык электрондук системасын, ошондой эле жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда автоматташтырылган салмактык-габариттик көзөмөл тутумун киргизүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Долбоордун максаты — автомобиль жолдорун күтүү, сактоо жана өнүктүрүү үчүн кошумча каржылоо булактарын тартуу, ошондой эле жолдордун бузулушун азайтуу.

Долбоордун алкагында өлкө аймагында 42 автоматташтырылган көзөмөл пунктун орнотуу пландалууда. Бул пункттар транспорт каражаттарынын мамлекеттик номерлерин автоматтык түрдө таанып, алардын кыймылын көзөмөлдөйт, глобалдык навигациялык технологияларды колдонуу менен салмактык жана габариттик ченемдердин бузулушун аныктайт. Мыйзам бузулган учурларда айып пулдар автоматтык түрдө салынат.

Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин негизинде ишке ашырылат. Жеке өнөктөш маалыматтык системаны каржылоону, долбоорлоону, курууну, пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү (DBFOM шарттарында) контракттык мөөнөт ичинде камсыз кылат. Контракт аяктагандан кийин система мамлекетке өткөрүлүп берилет.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалыматтык технологиялар, интеллектуалдык транспорттук системалар жана инфраструктуралык долбоорлор жаатында тажрыйбасы бар ата мекендик жана чет өлкөлүк компанияларды “Жүк ташуучу транспорттон жана автобустардан жыйымдарды алуунун жана салмак-габариттик контролдоонун автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүү” долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо конкурсуна катышууга чакырат.

 

Последние новости