www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

025-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтуна 9 672 жаран кайрылган.

Социалдык-экономикалык укуктардын бузулушу боюнча 324 арыз түшкөн. Алардын ичинен 95 даттануу билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселелерине байланыштуу болгон.  

Ошондой эле жарандар эмгек жана турак жай укуктарынын бузулушуна даттанып, социалдык жардам алууга жардам сурап, жана мүлккө болгон укуктарын коргоп берүүнү өтүнүшкөн. 

Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева аялдардын, балдардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарынын бузулушуна өзгөчө көңүл буруп келет. 

Бир жылда Акыйкатчыга 49 аял укугун коргоп берүүнү өтүнгөн. Алардын ичинен 29у үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандыгын айтышкан.  

Балдардын укуктарынын бузулушу боюнча 36 арыз келип түшкөн. 56 жаран Акыйкатчыдан алимент өндүрүүгө көмөк сураган. 

Жарандар мындан сырткары, Акыйкатчыдан паспорт жана башка өздүгүн тактаган документтерди алууга дин тутуу эркиндигин коргоого жардам сурашат. 

2025-жылы 12 адам институттан экстрадициялоо (жаза мөөнөтүн өз мекенинде өткөрүүгө которулуу) маселесин чечүүгө кол кабыш кылууну өтүнүшкөн. 

Ар бир кайрылуу боюнча Омбудсмен Институтунун мандатына ылайык, укуктук кеп-кеңештен тарта мамлекеттик органдарга бузулган укуктарды калыбына келтирүү талабы менен расмий кат жолдого чейинки, иштер жүргүзүлдү. 

Акыйкатчыга чет өлкөдө жүргөн мекендештер да кайрылышат. Тактап айтканда, 2025-жылы Россиядан – 14, Өзбекстандан – 8, Казакстандан -2 жана Беларуссиядан 1 кайрылуу болгон. 

Институт Кыргызстандын аймагында жүргөн чет элдик жарандардын укуктарын дагы коргойт. Бир жыл ичинде Түркия жарандарынан 3 даттануу болгон, андан тышкары, Ооганстан, Пакистан, Ливия, Чехия, Германия жана Египеттен келген адамдарга көмөк көрсөтүлгөн. 

Белгилей кетсек, 2025-жылы Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери жалпы 811 мониторинг жүргүзүшкөн. Алардын 328и эркиндигинен ажыратылган жайларда, 90у аскер бөлүктөрүндө, 48и социалдык стационардык мекемелерде, 133ү билим берүү мекемелеринде жана 54ү саламаттык сактоо уюмдарында өткөрүлгөн.

Жарандардын кайрылууларынын негизинде мамлекеттик органдарга 141 көңүл буруу акты жөнөтүлүп, алардын 122си аткарылган. 

Көңүл буруу актыларынын негизги бөлүгү саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелерине, укук коргоо органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына багытталган.

Анын жыйынтыгында мыйзам бузууларга жол берген 109 мамлекеттик кызматкерге тартиптик чара көрүлгөн, анын 15и укук коргоо органдарынын кызматкери. 

Жамиля Жаманбаева адамдардын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы туруктуу жана өнүккөн мамлекеттин негизги өзөгү экенин белгилеп, бул багытта мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташууну жана биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылдыгын баса белгилейт.

Последние новости