www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде отчет берип жатканда Транспорт министрлигинин 2016-жылдагы бюджети текшерилип, натыйжада 257 млн. сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталганын айтты.

Ошондой эле бул көрсөткүч жалпы каржылык мыйзам бузуунун 20 пайызын түзө турганын кошумчалады. Уурулуктун жолдору баягыдай эле жолдорду оңдоодо иштин, материалдын баасын ашыра көрсөтүү менен байланыштуу.

Министр Жамшитбек Калилов бул министрликти 2016-жылдан бери жетектеп жатканы менен, коррупцияны азайта алган жок, азайтмак түгүл тескерисинче, ал көрсөткүчтү күчөтүп жаткандай. Себеби, Калиловдун ишмердүүлүгунө көп сындар айтылып келет. Бийлик болсо, ал сындардын баарын кулак сыртынан кетирип келет.

Булак: Багыт

Последние новости