www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү болгондой буга чейин " Росинбанктан" 3 миллиарддан ашуун акча сыртка чыгып кеткени боюнча кылмыштуу окуя ачыкка чыккан. Бул кылмышты жакын арада эле болгондой чыгарып жатышты эле. Бирок кылмыштын башаты 2014-жылы эле башталганын Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бул кылмыш иштин чоо-жайы тууралуу кененирээк айтып жатып маалымдады.

Анын маалыматы боюнча: жасалма документтер менен Орусиянын аймагында жана Сейшель аралдарында катталган фирмаларга эсепти 2014-жылы ачып, ошол жылдан бери бул компанияларга "Росин-банк" 3 млрд. рублдан ашык (3 млрд. сомдон ашык) акча жөнөткөн. Улуттук банк "Росинбанктагы" мыйзам бузуу фактыларын 2014-2015-жылдары аныктаган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында "Росинбанктагы" мыйзам бузууга байланыштуу 6 миллион сом айыппул салынып, жетекчиликти иштен четтетүү талабы коюлган, Абдыгулов бул талаптар аткарылганын кошумчалады.

Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат "Росинбанкка" мыйзамсыз акчаны адалдаштыруу боюнча кылмыш ишин козгоп, банктын башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Андрей Гойхман камакка алынган.

Булак: Багыт

Последние новости