www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт министрлиги сейил бактарды уюштурат

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мекеме, ишканаларынын жана республика боюнча ар бир Жол тейлөө ишканаларынын, Жол оңдоо пункттарынын аймагына же короосуна сейил бактар уюштурулат. 

Сейил бактар 1 гектардан кем эмес аянтты камтып, ал жерде эс алууга ылайыкташкан бардык шарттар каралуусу шарт. Алсак, ар бир мөмө берүүчү бактар отургузулуп, гүлдөр тигилип, айлана-тегереги кооздолушу керек. 
Бул чечим “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында министр Талантбек Солтобаевдин тапшырмасына ылайык кабыл алынды. 

Аталган чечимди аткаруу жол куруу багытында иш алып барган инвестициялык долбоорлорго да милдеттендирилди. 
Белгилей кетсек, министр Талантбек Солтобаев Транспорт министрлиги тарабынан быйылкы жылы 14 миң бак отургузуу пландалганын белгилеген.

Последние новости