www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын федералдык соту президент Доналд Трампка кол салууга аракет кылган деп айыпталган Райан Раутту өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу эл аралык маалымат каражаттары жазышты.

Окуя 2024-жылдын сентябрында Флорида штатындагы Уэст-Палм-Бич шаарында катталган. Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, айыпталуучу Трамп болгон гольф талаасына жакын жерде ок атуучу курал менен жашынып турган учурда АКШнын чалгын кызмат өкүлдөрү тарабынан кармалган. Окуядан Доналд Трамп жабыркаган эмес.

Сот аны президенттикке талапкерди өлтүрүүгө аракет кылуу, куралды мыйзамсыз сактоо жана федералдык кызматкерге каршылык көрсөтүү боюнча күнөөлүү деп тапты. Натыйжада, шарттуу боштондукка чыгуу укугусуз өмүр бою эркинен ажыратууга кошумча жети жылдык жаза берилди.

 

Последние новости