www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пекин менен Вашингтон Стокгольмдогу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 12-августта аяктай турган тарифтик тыныгууну дагы 90 күнгө узартуу боюнча макулдашты. Тараптардын биргелешкен билдирүүсүн Кытайдын коммерция министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.
Билдирүүгө ылайык, Америка менен Кытай бажы төлөмдөрүн эсептөөгө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана 24 пайыздык тарифтерди дагы 90 күнгө токтотууга милдеттүү. Бирок калган 10 пайыздык тарифтерди сактап калышты.
Трамп «Truth Social» социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу келишимге кол коюлганын ырастады.
«Мен Кытайга карата тарифтерди токтотууну дагы 90 күнгө узарта турган аткаруу буйругуна кол койдум. Келишимдин бардык башка элементтери өзгөрүүсүз калат», деп белгиледи ал.
2025-жылдын июль айынын аягында Стокгольмдо өткөн Америка менен Кытайдын ортосундагы сүйлөшүүлөр талаш-тартыштарды чечүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода согушунун андан ары күчөшүнө жол бербөөгө багытталган ж деңгээлдеги соода консультацияларынын үчүнчү раунду болду.