www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Назар-Ньюстун башкы редактору Гүлжан Шерипбаева бир кылымдык тарыхы бар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев менен окуу жайдын дүйнөлүк университеттердин QS-рейтингине кириши жана ушул жылдын октябрь айында белгиленүүчү 100 жылдык мааракеси тууралуу маектешти.

- Догдурбек Токтосартович, июль айынын башында жаңылыктардан “КУУдан 2710 студент чыгарылды” деген УКМКнын маалыматын окуп калдык. Бул боюнча эмне айта аласыз?

- Жогорку окуу жайлардан студенттердин чыгарылышы жылда эле болуп туруучу, көптөгөн факторлор жана жагдайлар менен аныкталган пландуу жана үзгүлтүксүз процесс. Бул боюнча атайы комиссия иш алып барат. Быйылкы процесстин өзгөчөлүгү — аталган комиссиянын курамына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери дагы киргизилип, алгылыктуу иш алып барды. Жыйынтыгында, 2710 студент окуудан чыгарылды. Алардын арасында өз каалоосу боюнча кеткен, университет менен байланышын жоготкон, академиялык карызы бар, контрактты төлөбөгөн, мамлекеттик жыйынтыктоочу сынакты тапшырбаган, сабакка келбеген студенттер бар. Биздин оюбузча, сабакка келбеген студенттерди чыгаруу билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө өбөлгө түзөт. 

Баса белгилеп кетүүчү нерсе - текшерүүнүн жыйынтыгында 2024-2025-жылдар аралыгында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде одоно жана системалуу мыйзам бузуулар аныкталган эмес.

- Быйыл сиз жетектеген улуттук статусу бар окуу жайдын дүйнөлүк университеттердин QS-рейтингине киргени башкы жаңылыктардын бири болду. Ал жакка кандай критерийлердин негизинде тандоо болгону тууралуу кененирээк токтоло кетсеңиз?

- Дүйнөлүк университеттердин QS-рейтинги окуу жайдын академиялык күчүн аныктап, студенттер менен жумуш берүүчүлөрдүн арасындагы аброюн көрсөтөт. Бул рейтингге кирүү — Улуттук университеттин стратегиялык максаттарынын бири болчу. Соңку жети ай ичинде биз “Университет 4.0” моделине өтүү жана аталган рейтингге кирүү боюнча атайын план жана жол картасын иштеп чыгып, эбегейсиз зор иштерди аткардык. Бул ийгиликке жетүүдө университеттин эмгек жамаатынын ар бир мүчөсүнүн опол тоодой салымы бар.

Аталган рейтингге кирүү “Академиялык репутация”,“Жумуш берүүчүлөрдүн арасындагы репутация”, ”Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу”, “Студентер менен окутуучулардын санынын катышы' "Илимий макалалардын цитатага алынышы”, “Чет өлкөлүк студенттер менен окутуучулардын саны”, “Университеттин чет өлкөлүк билим берүү мекемелери менен кызматташуусу” сыяктуу 10дон ашык критерийдин негизинде ишке ашырылат.

QS-рейтингге кирүү боюнча аракеттер 2023-жылдын аягында башталган. Ал эми 2024-жылдын 24-январында Улуттук университет QS Hub порталына катталып, окуу жайдын профили ачылган соң рейтингге кирүүнүн активдуу фазасы башталып, КУУнун ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды белгиленген мөөнөттө англис тилинде так жана толук киргизүүгө жетиштик. Андан ары маалыматтар жаңыртылып, толукталып турду. Киргизилген маалыматтар иштелип чыккандан кийин, Улуттук университеттин Азиядагы мыкты университеттердин 2024-жылдагы рейтингинде 984 ЖОЖдун ичинен 381-орунду, ал эми Борбордук Азия чөлкөмүндөгү мыкты окуу жайлардын рейтингинде 25-орунду ээлеши аймактык деңгээлдеги таанылуунун айкын далили болуп калды. Бирок, дүйнөнүн мыкты 1500 университеттеринин катарына кирбей калган эле. Аталган рейтингдин жыйынтыктарын изилдеп, талдап чыккандан кийин, 2024-жылдын күзүндө дүйнөлүк рейтингде КУУнун позициясын көтөрүү боюнча көптөгөн жумуштар аткарылды:

1. Буга чейин Улуттук университетте башка жогорку окуу жайлар менен өз ара кызматташуу боюнча 250дөй келишимдер болсо, “Чет өлкөлүк билим берүү мекемелери менен кызматташуу” деген критерийге туура келүү үчүн биз дал ошол дүйнөлүк рейтингге кирген ЖОЖдор менен болгон келишимдерди жаңыртуу максатында өткөн жылдын октябрь айында Астанадагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине, декабрь айында Казакстандын Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине, ушул жылдын январь айында Россиянын М.В.Ломоносов атындагы мамлекеттик университетине, Патрис Лумумба атындагы Россиянын элдердин достугу университетине (РУДН), Москва мамлекеттик лингвистика университетине (МГЛУ), Москвадагы “Экономиканын жогорку мектеби” Улуттук изилдөөчүлүк университетине, февраль айында Ташкенттеги Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетине, Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетине иш сапары менен барып келдик. Иш сапарлары тууралуу маалыматтар биз барган окуу жайлардын да, биздин университеттин да сайтында чагылдырып турду. Бул байланыштар жана маалыматтар биздин академиялык кадыр-баркыбызды жогорулатууга жардам берди. Кызматташуу келишимдери о.э. Азербайжандын Баку мамлекеттик университети, Казакстандын Коркыт Ата атындагы Кызылордо университети, Россиянын Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университети менен да түзүлдү.

2. Эл аралык илимий активдүүлүктү жогорулатуу максатында 2000ден ашуун профессордук-окутуучулук курамга илимий макалаларды эл аралык Scopus жана Web of Science маалымат базаларында индекстелген журналдарда жарыялоо стратегиясын үйрөтүү боюнча семинарларды өткөрдүк. Буга кошумча эл аралык мобилдүүлүктү кеңейтүү жана жумуш берүүчүлөр менен кызматташуу планын активдүү аткардык. Мындан сырткары, окутуучулардын илимий макалаларын эл аралык авторитеттүү журналдарда жарыялоосун күчөтүү максатында 2024-жылдын ноябрынан 2025-жылдын март айына чейин 315 миң сом өлчөмүндөгү Финансылык мотивациялоо программасы ишке ашырылды. Бул иш-аракеттер Улуттук университеттин илимий-метрикалык жана репутациялык аброюн глобалдык деңгээлде көтөрүүгө салым кошту. КУУнун профессордук-окутуучулук курамынын илимий активдүүлүгү да кыйла жогорулады. Scopus жана Web of Science эл аралык маалымат базаларында 2021-2023-жылдары 152 макала жарык көрсө, 2024-жылы жана 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүч 222ге жетип, жалпы саны 443 макаланы түздү. Илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган дагы бир кадам — эл аралык публикацияларды каржылык стимулдаштыруу программасынын киргизилиши болду. Ошондой эле, диссертациялык кеңештердин саны артып, илимий даражаларды алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейди.

3. Окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүк программаларына катышуусу өсүп, “Эл аралык окутуучулардын коэффициенти” деген көрсөткүч 21ден 52ге, ал эми “Чет өлкөлүк студенттердин коэффициенти” 1187ден 1267ге жогорулады.

Мындан тышкары, Улуттук масштабда КУУ өзүнүн билим берүү сапаты жана илимий потенциалы менен башкы орундарды камсыз кылууда. 2024-жылы Кыргыз Республикасынын көз карандысыз жогорку окуу жайлар рейтингинде университет “Табигый илимдер” жана “Экономика жана башкаруу” багыттары боюнча, ошондой эле 11 адистик багыт боюнча 1-орунду ээледи. Бул ийгилик IAAR агенттигинин институционалдык рейтинги аркылуу дагы тастыкталды.

4. Университеттин ички түзүмүн оптималдаштыруу жана башкаруу процесстерин заманбап талаптарга ылайык келтирүү максатында 2024-жылдын 22-ноябрында ректордун №499 буйругу менен Окумуштуулар кеңешинин жаңы курамы бекитилди. Ошол эле жылы, 16-декабрда жаңы редакциядагы КУУнун Уставы (№2771/1) кабыл алынып, мыйзамдык база жаңыланды. Мындан тышкары, 52ден ашуун локалдык ченемдик актылар кайра иштелип чыгып, жаңыланды. 2025-жылдын 20-июнунда КУУнун ректору, география илимдеринин доктору, профессор Д.Т.Чонтоевдин Ректорлор ассоциациясынын төрагалыгына шайланышы да университеттин лидердик сапатын дагы бир жолу көрсөттү.

5. Негизги жумуш берүүчүлөр менен тыгыз иштөөнүн натыйжасында КУУнун бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуу көрсөткүчү 78 пайызды түздү.

Ушул жана башка маалыматтар QS Hub порталына киргизилип, иштелип чыккандан кийин, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Дүйнөлүк университеттердин QS-рейтингине кирип, 1201-1400 позицияны ээледи. Белгилей кетсек, аталган рейтингге дүйнөнүн 106 өлкөсүнөн 8467 университет катышты.

QS-рейтингине кирүү Улуттук университеттин эл аралык аренадагы кадыр- баркын жогорулатып, чет өлкөлүк студенттерди, окутуучуларды жана өнөктөштөрдү тартат жана билим берүүнүн сапатын баалоодо жумуш берүүчүлөр жана мамлекеттик органдар үчүн маанилүү ориентир болуп саналат.

- Университтетти кыдырып чыгып, оңдоп-түзөө иштери активдүү жүрүп жатканын байкадым. Азыркы учурда кандай жумуштар жасалууда?

- Ушул жылдын октябрь айында окуу жайыбыздын 100 жылдык мааракеси болот. Бул маанилүү датаны татыктуу тосуп алууга ар тараптуу даярдыктар көрүлүп жатат. Алардын арасында окуу имараттары менен жатаканаларды оңдоп-түзөө иштери да бар. Алардын эң башкысы - мурдагы 4-жатакананын ордуна 16 кабаттуу мультифункционалдуу имаратты салуу.

2011-жылдан бери иштебей турган 4-жатакананын техникалык абалын Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн атайын комиссия изилдөө жүргүзүп, 2025-жылдын 24-февралында “имараттын техникалык абалы өтө начар, мындан ары пайдаланууга болбойт жана бузулушу керек” деген тыянакка келген. Ошондуктан, биз Окумуштуулар кеңешинин чечими менен эски жатакананы толугу менен бузуп, анын ордуна жалпы аянты 16 миң квадрат метр болгон 16 кабат имарат салууну чечтик. Каржы булактары аныкталды. Буйруса, 1,5 жылдын ичинде мебели менен кошо, “под ключ” бүтүрүлөт.

Имараттын 1-кабатында университеттин көргөзмө комплекси, музейлери, 2-кабатында 24 саат бою иштей турган китепкана, 3-кабатында конференц-залдар, 4-кабатында студенттер үчүн эс алуу зонасы (фитнес клубу жана медициналык тейлөөсү менен), 5-кабатында заманбап дарсканалар болот. Ал эми 6-кабаттан 16-кабатка чейин жатакана болот. Эгер бүгүнкү күндө иштеп аткан 4 жатаканабызда жалпысынан 1300 орун болсо, бул жерде эле 700 орун болот. Дүйнөлүк университеттердин рейтингине кирүүнүн жана эл аралык аккредитациядан өтүүнүн талаптары боюнча профессордук-окутуучулук курамдын 5 пайызы чет өлкөдөн болуш керек. Жатакананын 16-кабатына ошол чет өлкөлүк профессорлорду жайгаштырсак, акчасы бизге төлөнөт. Имараттын жертөлөсүндө унаа токтотуучу жай болот. Дагы бир жакшы нерсе - жатакана менен кошо анын артына 600 орундуу 2 кабат жыйындар залы курулмакчы. Анын чатырында физиктер үчүн обсерватория, журналисттерге медиа-борбор болот. Учурда жатакана толугу менен бузулуп, котлован казылып, кран орнотулуп, 16 кабат имаратты куруу иштери план боюнча жүрүп жатат. 

КУУнун глобалдык мейкиндиктеги байланышы да активдүү өнүгүүдө. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ичинде университет 50 жаңы эл аралык келишимге кол коюп, жалпысынан 266дан ашуун университеттер жана илимий борборлор менен кызматташтык орнотту. Бүгүнкү күндө университетте 52 чет өлкөлүк адис иштеп жатат. Ал эми профессордук-окутуучулук курамдын академиялык мобилдүүлүгү 2,7 пайызды түзүп, КУУнун билим берүү системасына дүйнөлүк тажрыйбалар интеграцияланып жатат. 2024-жылдын 9-ноябрында КУУ Азия санариптик билим берүү альянсына (AIGC) мүчө болду.

2023-жылы КУУнун жалпы бюджета 932 млн сомду түзсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 1 млрд 224 млн сомго жетип, 32 пайызга өстү. Эмгек акыга кеткен чыгымдар да туруктуу өсүүдө: 2022-жылы - 62 млн 815 миң 950 сом, 2023 - жылы - 162 млн 7 миң 90 сом, ал эми 2024-жылы - 180 млн 685 миң 860 сомду түздү. Материалдык-техникалык камсыздоого атайын каражаттын 4,2 пайызы, капиталдык жана оңдоо-түзөө иштерине атайын каражаттын 7 пайызы багытталды. Курулуш жана оңдоо иштерине жалпысынан 85 млн 768 миң 200 сом жумшалып, төмөнкүдөй негизги объектилер жаңыланды: окуу имараттарына - 61 млн 68 миң 738 сом, жатаканаларга - 24 млн 699 миң 462 сом. Алардын ичинен №1, №5, №6, №6А, №7 жана №8 окуу имараттары менен №4, №7, №9 жана №11 жатаканалар капиталдык жана күндөлүк оңдоодон өткөрүлдү.

Мындан сырткары, “100 жылдыкка 100 кабинет” деген дагы бир демилге көтөрүлүп, анын алкагында аталган датага чейин университеттин факультет/институттарында заманбап талаптарга ылайык жаңыртылган кабинеттер ачылууда. Бул студенттер үчүн окуу шарттарын жакшыртып, билим берүү сапатын жогорулатат. 2024-2025-жылдары университетте бир нече жаңы борборлор, лабораториялар жана илимий мектептер ачылып, окуу-илимий чөйрө кеңейтилип, заманбап шарттар түзүлдү. Алардын катарында “Билим Бишкек” инновациялык борбору, профессор Б.Б.Нарынбаева атындагы илимий борбор, профессор Ч.А.Шакеева атындагы психологиялык-методикалык кабинет, “Бозжол” философиялык изилдөө борбору, С.Д.Иткин атындагы оор атлетика залы жана профессор Н.А.Асипова негиздеген педагогикалык илимий мектеп бар. КУУнун 100 жылдык мааракесине карата билим берүү шарттары дагы жакшыртылды. “100 жылдыкка 100 кабинет” долбоору алкагында француз тили кабинеты ачылды. Ректораттын жыйындар залы заманбап форматта кайра жабдылып, кыргыз-япон “Тамак-аш даярдоо технологиялары” лабораториясы ишке берилди. География жана туризм кабинети, “Улуттук наркты сактоо” сабактары уюштурулуп, студенттер үчүн заманбап сейил багы курулду.

-100 жылдык мааракеңиздер качан белгиленет жана ага кандай иш-чаралар белгиленген?

-Улуттук университеттин 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленүүчү иш-чаралар тууралуу Министрлер кабинетинин токтомуна кирип, майрамдык салтанатты 25-октябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда өткөрөлү деп даярданып жатабыз. 100 жылдыкты татыктуу өткөрүү үчүн курамына университеттин аттуу-баштуу аксакалдары, факультет/институт жетекчилери жана башка белгилүү инсандар кирген атайын комиссия түзүлүп, иш-чаралардын планын иштеп чыккан. Планды университетибиздин эмгек жамааты жана КУУнун мурдагы ректорлору менен да талкууладык. Алардын сунуштары, пикирлери университет үчүн өтө баалуу.

Аталган планда маданий эле эмес, көптөгөн башка иш-чаралар да каралган. Мисалы, быйыл жазда студенттер менен окутуучулар үчүн заманбап сейил багын ачтык. Мындан сырткары, “100 жылдыкка 100 китеп” деген демилге көтөрүлүп, университет өз каражатына 100 китеп басып чыгармай болду. Басылмалардын мазмуну менен сапатын атайын комиссия көзөмөлдөйт. Азыр бизге 96 томдон турган 86 аталыштагы эмгек келип түшүп, басмага сунушталды. Алардын арасында 22 монография, 55 окуу куралы, 9 кошумча окуу куралы жана тарыхый баалуу эмгектер бар. Айтмакчы, китептер өзүбүздүн басмаканада басылып чыгарылат. Бул эмгектер университетибиздин илимий жана интеллектуалдык потенциалынын бийик деңгээлде экендигин дагы бир жолу көрсөтөт.

Мааракеге карата университеттин тарыхын, жетишкендиктерин жана көрүнүктүү инсандарын чагылдырган музейди жаңыртуу иштери да кызуу жүрүп жатат. Андан сырткары, 100 жылдыкка карата бир катар эл аралык конференциялар, форумдар, тегерек столдор, ошондой эле флешмобдор жана спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. Бул иш-чаралар илимий алмашууну күчөтүп, университеттин духун көтөрүүгө шарт түздү.

Кыскасын айтканда, Кыргыз улуттук университета өзүнүн 100 жылдык мааракесин татыктуу тосуп алууга толугу менен даяр. Биз бул мааракени жалпы жамаат менен биргеликте белгилеп, университеттин тарыхындагы жаңы барактарды ачабыз. Ал эми 100 жылдыкка карата Улуттук университеттин дүйнөлүк университеттердин QS-рейтингине киргени символикалуу иш. Анткени, Улуттук университет бир кылым аралыгында Кыргызстандын экономикасы үчүн 192 миң дипломдуу адис даярдап берди. Алар өлкөбүздүн эл чарбасынын бардык тармактарында, башкаруу органдарында иштеп жатышат. Ушуларды жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов агайдын сунушун эске алуу менен 100 жылдыкка карата Кыргыз улуттук университетин 1-даражадагы “Манас” орденине сунуштап, документтерин даярдап жатабыз. Улуттук университеттин куржунунда мындай сыйлыктын болушу сыймык.

Жыйынтыктап айтканда, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети өзүнүн 100 жылдык тарыхындагы эң маанилүү жана динамикалуу өнүгүү этабын баштан кечирип жатат. Эл аралык рейтингдердеги позициянын жогорулашы, илимий ишмердүүлүктүн активдүүлүгү, материалдык базанын жакшыртылышы жана академиялык деңгээлдин өсүшү университетти улуттук жана глобалдык билим берүү мейкиндигинде лидер катары көрсөтүп турат.

- Догдурбек Токтосартович, маегиңиз үчүн чоң рахмат. Алдыга койгон максаттарыныз ишке ашып, 100 жылдык мааракеңиздерди татыктуу тосуп алыныздар. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости