www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп 3-дүйнө өлкөлөрүнөн келген миграцияны биротоло токтоторун билдирди. Бул тууралуу Truth Social соцтармагында билдирди.

Трамп бул чараны АКШнын системасы толук калыбына келиши үчүн жасаарын айтты. Ошондой эле ал АКШга пайда алып келбеген же өлкөнү сүйүүгө жөндөмсүз адамдардын баарын чыгарарын билдирди.

“Жарандыгы жок адамдарга берилген бардык федералдык жөлөк пулдарды жана субсидияларды токтотом. Ички тынчтыкты бузган мигранттарды жарандыктан ажыратам жана коомго жүк болгон, коопсуздукка коркунуч жараткан же Батыш цивилизациясынын баалуулуктарына шайкеш келбеген бардык чет элдик жарандарды депортациялайм”,- деди соцтармагында.

Последние новости