www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-ноябрда көп кабаттуу турак үйдүн терезелери сапатсыз курулуп жатат деп туура эмес маалымат социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу тараган. Курулуш министрилигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти аталган объект боюнча төмөнкүлөрдү малымдайт:

Бишкек шаарынын Байтик баатыр 1 Е дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн долбооруна өзгөртүүлөр киргизилген. Мындан улам учурда шахмат формасында курулган терезелерди жаңы долбоорго ылайыктоо боюнча демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бардык курулуш иштери министрликтин көзөмөлүндө жана долбоорго ылайык гана жургүзулуп жатат. Бул жерде тынчсыздануунун кереги жок.

Белгилей кетсек, Курулуш министрлиги тарабынан үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында Байтик баатыр 1 Е дарегиндеги курулуш объектилерине лабораториялык жана сейсмикалык текшерүү жүргүзүлүп, оң корутунду берилген.

Урматтуу социалдык тармактын колдонуучулары курулуш объектилерине байланыштуу такталган гана маалыматтарды бөлүшүүгө чакырабыз, деген маалыматта.

Эске сала кетсек буга чейин, сапаты начар жана терезелери тескери салынып жаткан үйлөргө чет элдик жаран таң калуу менен пикир айтып соцтармакка жүктөгөн. Бул көрүнүш сынга калып, коомчулукта талкууда калды.

Последние новости