www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу бийлик бутактарынын ортосунда сөзсүз сый болушу керектигин белгилеп, парламенттин орду мамлекет үчүн маанилүү экенине токтолду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
“Бир депутаттын сүйлөгөнүн одоно сындоо эч кимге аброй алып келбейт. Анткени, депутат элдин өкүлү, анын микрофону бар. Депутатка эл көйгөйдү айт, маселени көтөр деп беш жылга мандат берген. Биз аткаруу бийлигин бардык маселеде колдоп, зарыл мыйзам долбоорлорун кабыл алып берип жатабыз. Ошол эле учурда парламентке да аткаруу бийлиги тарабынан сый мамиле көрсөтүлүшү керек”, – деди Төрага.
Муну менен катар бардыгынын көздөгөнү мамлекеттеги ынтымакты бекемдөө жана элдин бакубат жашоосун камсыздоо экенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу: “Андыктан аткаруу бийлиги айтылган сөздөрдөн жыйынтык чыгарат деген ойдомун. Эч качан парламент мажирөө болуп, микрофонсуз калып, баары боло берет деген мамилеге татыктуу эмес. Парламенттин ар дайым өзүнүн орду болгон жана мындан ары да боло берет”, – деп кошумчалады.
Эскерте кетсек, Төрагага чейин “Мекенчил” депутаттык тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов да сөз сүйлөп, эл өкүлдөрүнүн пикирине айтылган сындарга жооп берген. Анда эл өкүлү иштеген жерде кемчилик болорун жана депутаттар ошол кемчиликти гана ачык көрсөтүп, түздөө таризинде гана сын айтарын баса белгилеген.