www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир алмашты.
Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан кылымдарды карыткан кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, эки өлкөнүн башчыларынын ынак мамилеси да өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзүп жатканын кошумчалады.
«Калыптанган мамилелерди кеңейтип, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң. Бул жаатта да эки өлкөнүн парламенттери жемиштүү иш алып барып, эл аралык аянтчаларда да тыгыз кызматташып келебиз. Айрыкча Парламенттер аралык комиссия активдүү иш жүргүзүп, эки тараптуу жолугушууларда маанилүү чечимдер кабыл алынууда», – деди Төрага.
Ошону менен катар Марлен Маматалиев чек аралардын такталышы соода-экономикалык байланыштарды күчтөндүрүүгө чоң түрткү бергенин белгиледи.
Ал эми Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Андан сырткары, «Кыргыз элинде «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» – деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, биз бир тууган эле эмес, жакын коңшу элдерденбиз. Ошондуктан, байланыштарыбыздын күн сайын кеңейиши эки мамлекет үчүн тең маанилүү», – деген Сенат Төрайымы да парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.
Маданий-гуманитардык жаатта алгылыктуу байланыштар калыптанганын айткан Танзила Нарбаева акыркы жылдары эки эл бири-бирине турист катары абдан көп каттап жатканын жүйө келтирди. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына өзбек эли өзгөчө мамиле жасарын билдирип, залкар калемгердин маарекелери Өзбекстанда да жогорку деңгээлде уюштурулганын кошумчалады.
Жолугушууда тараптар соода байланыштарын өнүктүрүү багытындагы маселелерге да токтолушуп, ортодогу мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу пайдалануу зарыл экендигин белгилешти. Алсак, өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд АКШ долларына чейин көтөрүлгөн.