www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын Иранга кургактан аскер киригизүү планы ишке ашпай турганын эксперт-аналитиктер эскертишүүдө. Алардын айтымында калкынын саны 90 миллионго чукул, аймагы кенен Иранды Американын аскердик күчтөрү багындары албайт.

Эгерде АКШ Харк аралын басып алууну кааласа америкалык аскерлердин тагдыры Ирандын колунда калат. Бул туурасында Ирандын вице-президенти Мохаммад Реза Арефти дагы эскертти. 

- Трамп куралдуу күчтөрүн Харк аралына жиберүү чечимин гана кабыл ала алат, бирок аскерлер кайра кетчү учур келгенде аны биз чечебиз. Себеби тозоктон үйүнө эч ким кайтпайт, - деген ал.

Шаршембиде New York Times басылмасы аталган аймакка Пентагон эки миң аскерден турган десант түшүрүүнү пландап жатканын кабарлаган эле. Алар 82-аба десантчыларынын дивизиясы дешкен.

Кийинчерээк контингент 50 миңге чейин көбөйө турганы маалымдалган. Аскердик эксперттер Американын асерлери 50 миңге жетсе да бул масштабдуу кампания үчүн аздык кыларын белгилешти. Аналиктиктердин айтымында, сөз болуп жаткан өлкөнү мындай контингент менен басып алууга же күч менен кармап турууга мүмкүн эмес.

Эске салсак, Трамп өлкөнүн нефть боюнча башкы экспорттук борбору болгон Харк аралын басып алуу ниетин жашырган эмес.

Последние новости