www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Торугарт» өткөрүү пунктунда жүк ташуучу автоунаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен 2026-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесине болгон жумушчу сапарынын алкагында таанышты.

Электрондук кезек системасы жүк ташуучу транспорттун кыймылын тартипке келтирүүгө жана өткөрүү пунктунун аймагында мурда дайыма пайда болуп келген тыгындарды кыскартууга багытталган.

Айрым учурларда кезектин узундугу 25 чакырымга чейин жетип, жол инфраструктурасына олуттуу жүк түшүрүп, Чатыр-Көл аймагындагы экологиялык абалга терс таасирин тийгизип келген.

Жаңы система жүк ташуучу автоунааларды алдын ала каттоону жана алардын өткөрүү пунктунан өтүү тартибин түзүүнү карайт. Транспорт каражаттары «Кара-Булак» күтүү аймагына жайгаштырылып, андан соң электрондук кезекке ылайык этап-этабы менен өткөрүү пунктуна жөнөтүлөт.

Электрондук кезек долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-июлундагы №401 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын 2026–2030-жылдарга карата өнүгүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын алкагында ишке ашырылууда.

Жумушчу сапардын алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары К.Б. Мукашов «Торугарт» өткөрүү пунктунун инфраструктурасын модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен да таанышты. Тактап айтканда, инспекциялык-тыкыр кароо комплекстин курулушу, административдик имараттарды реконструкциялоо жана өткөрүү пунктунун аймагын кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.

Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн жаңы күтүү залынын ачылышы болду. Жаңы түзүлгөн шарттар жүк ташуучулар, компаниялардын өкүлдөрү жана бизнес коомчулугунун башка өкүлдөрү үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга жана ишти уюштурууну жакшыртууга багытталган.

Последние новости