www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2026-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапанын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эне жана баланын саламаттыгын коргоо, баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, иммунизация жана саламаттык сактоо системасына санариптик чечимдерди киргизүү багыттарындагы кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты.

Министр ЮНИСЕФке Саламаттык сактоо министрлиги менен көп жылдык ишенимдүү өнөктөштүгү жана балдардын саламаттыгын жакшыртууга багытталган программаларды колдоп келгени үчүн ыраазычылык билдирди.
«Биргелешкен иштин аркасында биз олуттуу жыйынтыктарга жетише алдык. Акыркы он жылдыктарда Кыргызстанда балдардын өлүмү 73 пайызга азайды. Биздин өнөктөштөрдүн, анын ичинде ЮНИСЕФтин колдоосу менен 2023-жылы жүргүзүлгөн Көп көрсөткүчтүү комплекстүү изилдөөгө ылайык, акыркы беш жыл ичинде беш жашка чейинки балдардын өлүмү 1000 тирүү төрөлгөн балага карата 20дан 16,5ке чейин төмөндөдү», — деп белгиледи Дамир Осмонов.

Министр ошондой эле ЮНИСЕФтин баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө, кош бойлуу аялдарга, жаңы төрөлгөн ымыркайларга, балдарга жана өспүрүмдөргө көрсөтүлүүчү кызматтарды колдоого, ошондой эле медициналык жардам көрсөтүүнүн заманбап стандарттарын иштеп чыгууга кошкон салымын жогору бааларын белгиледи.

Министр ЮНИСЕФтин дары-дармек менен камсыз кылуу тармагындагы колдоосун өзүнчө белгиледи. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин эле дары каражаттарын ЮНИСЕФ аркылуу сатып алууну баштаган жана бул багытты мындан ары да кеңейтип, кызматташууну күчөтүүнү көздөйт.

Жолугушуунун жүрүшүндө иммунизация системасын чыңдоо маселелери да талкууланды. Анын ичинде эмдөө менен камтууну жогорулатуу жана вакциналарды башкаруунун улуттук системасын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштер каралды.

Тараптар ошондой эле Telemed.kg платформасы аркылуу телемедицинаны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Бул платформа калктын, айрыкча алыскы жана жетүүгө кыйын аймактардагы жарандардын адистердин консультациясына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Баштапкы медициналык-санитардык жардамды санариптештирүүнү колдоонун алкагында ЮНИСЕФ саламаттык сактоо системасына 247 планшет өткөрүп берди. Алар медициналык кызматкерлер тарабынан дистанциялык консультацияларды жүргүзүү жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн колдонулат.

Министр ЮНИСЕФ менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүү саламаттык сактоо системасын чыңдоого, профилактикалык программаларды кеңейтүүгө жана Кыргызстандагы балдардын жана үй-бүлөлөрдүн саламаттыгын жакшыртууга көмөктөшөрүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, иммунизация программаларын кеңейтүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин тастыкташты.

Последние новости