www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Апрель Баатыры” Төлөгөн Наралиев Талас облусунун гебернатору президенттин ата-энесине, уулуна арнап Куран айттырганын NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

"Садыр Нургожоевич билеби же билбейби кеп анда эмес! Талас облусунда жолдош губернатор Бакыт Нарбеков облус аксакалдарын чакырып, 55-60 адамга тамак тартып (чыгаша 150-200 миң сом) президенттин атасына, апасына, баласына багыштап Куран айттырды! Бул эмне деген саясат?! Мен, президент тапшырма берди дегенге эч убакта ишенбеймин.

Төлөгөн, эмне сага аксакалдарга тамак берип батасын алган кыргыздын салты жакпайбы? –дейт. Эрзат Эсенбеков ооба, мага кыргыздын салты жагат! Тилекке каршы, Оморбай Нарбеков, Улан Ниязбеков инибиздин жана президенттин ата-тегин атабай башкача айттырса болбойбу? Эмне үчүн Чыңгыз Айтматов, Чолпонбай Түлөбердиев, Сүйүнбай Эралиевге атап Куран окутуп кетпейт" – дейт “Апрель Баатыры” Төлөгөн Наралиев.

Эске сала кетсек, 7-декабрда социалдык тармактарда белгисиз жаран президент Садыр Жапаровго социалдык тармактан Кайрылуу жасаган. https://m.facebook.com/story.php story_fbid=129099506225152&id=100073753090742&sfnsn=mo

"Урматтуу президент Садыр Нургожоевич! 7-декабрь күнү Талас шаарынын кафесинде, Сиздин облустагы өкүлүңүз Бакыт Нарбеков бардык ишти токтотуп, 4 райондун акимдери менен Манас районунун молдосун чакыртып келишип, сиздин ата-энеңизге Куран окутту. Бул көрүнүштү кандай түшүнсө болот? Таң калыштуу болуп жатат же өзүңүздүн чамаңыз жетпей калдыбы? Таласта сиздин ата-энеңизге Куран айттырганы таң калыштуу болуп, эл-журт оозун Ошту карап ачып олтурат же облусту өркүндөтүп койгон бул эргул жок! Же бул кызматтан бошоп калбастын кошоматчылык аракетиби? Мындай өкүлдөргө биротоло катуу чара көрбөсөңүз болбойт го Урматтуу Президент!" –деп кайрылган ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости