www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Укук коргоочу, кандай маселе болсо да, чындыкты жогору койгон Токтайым эже менен жаңы жылдан кийин күчүнө кирип, бирок коомчулуктун нааразычылыгын жараткан кодекстер тууралуу баарлаштык.
-Токтайым эже, кептин башын жаңы жылдан кийин күчүнө кирген кодекстерди эмне үчүн эл аралык донорлор каржылаган, биздин кодекстерди өзгөртүүгө алар неге кызыкдар болушкан деген суроодон баштасак...
-Негизи эл аралык уюмдар ар бир өлкөдө болуп жаткан маселелерди талкуулашат. Адам укугун сактоо маселесине басым коюшат. Көбүнчө Кыргызстан мүчө болгон БУУ , ОБСЕге окшогон эл аралык уюмдар Кыргызстандагы адам укуктарын көбүрөөк талкууга алышат. Кызыгы, бул уюмдарга кайсы мамлекет көп каражат кошсо ошол мамлекеттин үнү бийигирээк чыгат. Ошон үчүн буларды бир тараптуу донорлор деп аташат. Эки тараптуу донорлор дел бар. Алар чоң банктар болот. Алар да өз кызыкчылыгы үчүн гранттарды бөлүп берет. Өз кызыкчылыктарын өздөрү каржылаган эл аралык бейокмот уюмдар аркылуу ишке ашырууга аракет кылышат. Мисалга Сорос фонду. Жана мамлекеттер оздорун саясий кызыкчылыгы учун малекеттен каражат болуп атайын эл менен ар багытта иштоо фонддору бар. 2005- жылы чейин эл аралык уюмдардын иштерин көзөмөлгө алып, алардын сунуштарын катуу талкууга алчубуз. Бирок төңкөрүштөрдөн кийин аларды тескебей чаржайыт болуп кетти. Ошондой эле диний фонддордун да саны кескин көбөйдү.
Бийликте убактылуу окмот озгочо 2010 жылдан баштап грант алуу учун алардын кызыкчылыгын аткарган жагдайлар орун алды. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгону гранттарды алууга гана багыт алдык. Ошол себептен Кыргызстан бейөкмөт уюмдардын мекени аталдык. Өзгөчө 2010- жылдан кийин жаман үйдүн коногу бийлейт болуп оозубузду ачып эле донорлордун артынан чуркамайды адатка айланттык. Бийликтегикоррупционерлер ошол фонддордо иштеген коррупциялых схемаларды билген биздин ортомчу жарандар менен акча алыш үчүн алар тандаган багыттарга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгын ишке ашыра башташты. ИИМ , сот системасы коррупцияга малынгандан кийин каражат ушул тарапка бөлүнө баштады. Грант берсе эле алардын айтканын аткара бергенибиз үчүн кодекстер , амлекетик ,мыйзамдарда документтерде кооптуу жагдайлар орун алды. Эл аралык донорлордун кызыкчылыгы бар үчүн Конституциябыздын тексттери бекитилгенден кийин да алмаштыруу кылмышына барышты. Өкүнүчтүүсү, акыркы мезгилде саясий партияларга чейин ошолордун каржылоосуна өтө баштады. Тагыраак айтканда, Кыргызстандагы реформалар батыш, чыгыш дебей биздин тегеректеги тышкы саясий күчтөрүнө керек болгондуктан, өздөрүнүн башкаруу жана сот системасындагы элементтерди биздин системага киргизүү менен алек болуп калышты. Жыйынтыгында басым батыш саясий кызыкчылыкка ооп кетти. Эң негизгиси 200 дөн ашык карама-каршы келген беренерлерди оңдоп кошумча мыйзамдарды кабыл алдыруу эл аралык донорлорго жана коррупционерлерге, Орто Азиядан жаңы согуш баштайбыз дегендерге керек болчу. Кыскасы, каражаттын айынан мамлекетибизди түп орду менен жок кыла турган мыйзамдарды баш мыйзамга алардан төмөн турган кодекстерге жана жеке мыйзамдарга кабыл алынышына шарт түздүк. Өкүнүчтүүсү, туура эмес жакка багыт алганыбызды айтып, коңгуроо каксак, бизди эл бузар адамдай көрүп, бийликке каршы адамдай кабылдашты. Жыйынтыгында, жаңы жылдан кийин күчүнө кирген кодекстерде мамлекет үчүн коркунучтуу жагдайлар орун алды.
-Айтканыңызга ынаналы, бул кодекстерде гумандуулукка басым коюлган дешет го?
-Макул анысын жокко чыгарбайм. Кодексти каржылаган донорлордун алдына коюлган маселе укук талаасын гумандаштыруу болсо, кодекстин этеги коррупционерлердин гүлдөшүнө жол ачты. Бүгүнкү кодекстерде түкүрсөң 5 500 сом айып пул төлөйсүң дегени жазылбаганда, бул кодекстердин ишке киргени байкалбай деле калмак. Дүңгүрөткөн түкүрүккө чоң таазим.
-Аталган кодекстердин артыкчылыгы, колдоого алчу жерлери барбы?
- Бул кодекстердин артыкчылыгы деп баса белгилеген жагдайларды эске алганда дагы мамлекетибиздин ички тышкы коопсуздугуна коркунуч алып келген документ болуп калганын эстен чыгарбашыбыз керек. Эң бир оор кылмыштар 30дай берененин тегерегинде жөнөкөй жорукка айланып, эл аралык кылмыш топторго кире баштаган Кыргызстанды ошондой топтордун борбору катары колдонгонго жол ачты. Бир койдун баасынын тегерегинде айып пул төлөп чыгып кетип, оор кылмыштарды кыла бергенге мүмкүнчүлүк берилди. Эң коркунучуулары: Жоруктар кодексинде адамдын ден соолугуна зыян келтиргендер билимсиз адамдар, аялдардын боюнан бала чон мөөнөткө келгенде түшүрүү, пенсия пособиелерди урдоо, сууну, абаны кирдетип ууласа, токойлорду талкаласа, адамдын органдарын сатса, жарабаган дары дармектерди, аппараттарды алып келип сатса, мамлекеттик алтын кендерде уруулук кылса, концентранттарды алтыны менен урдаса, кредиттерди жеп койсо, оор абалдагы тез жардам сураган адамды кайдыгер тыштап кетип калса, ууланган дары- дармек алып келип сатып, зыяндуулукка алып келсе айып пул төлөп, канча жолу мындай кылмыш кылса да чыгып кете берет. Эми Жаза кодексинде шумдуктун шумдугу орун алды. Ээси үйүндө жок болсо да, ага билгизбей, кирип аңтарууга жол берилди. Бул нерсе Конституциядагы ар бир үйдүн коопсуздугуна каршы иш болду. Үй тинтүү иштерин жүргүзүүгө, эч кандай соттон уруксатсыз кирүү деген берене кабыл алынып калды. Баарынан коркунучтуусу коррупцияга малынган сотторго жол ачкан 8 тепкичтүүа йып пул төлөө системасы киргизилди. Ошол эле жоруктар деп бааланган кылмыштар Жазык кодексине башка айып пулдан баштап абакка камалганга чейин карала турган стаьяга да бекилди. Ошондой эле Жаза кодекинде да Жорктурда дагы кээ бир кылмыш иштерге байланыштуу беренелер сакталып калган. Ал нерсе паракор сотторго табылгыс нерсе. Соттордун иштерин жаңылап, тескерисинче паракорлук жеп ичүүсүн көбөйткөнгө алып келдик.Каласа каматат каласа жорукка алып барат , соттордун ставкаларынын да ар кандай алып сатар түрлөрү көбөйдү. Жаңы жылдан кийин күчүнө кирген кодекстер менен милициянын ишин жокко чыгарып, жарандарды коргоо структурабызды талкаладык. Эч бир мамлекет мындайга жол ачып бербейт. Тергөөчү сотторго билими жок коррупционерлерди алып келишине шарт түзүлдү. Тергөөчү сот болуш үчүн суралган паранын суммасы жөнөкөй сотко орношкондон эки эсеге көтөрүлдү. Президентти тегерегинде мамлекетчил адистердин жоктугу мына ушундай баш аламандыкка алып келди.
Өкүнүчтүүсү, беш эмес он беш кодекс болсо деле хоп майли менен кабыл алынып калды. Көбүнчө мындай оор маселени карап окугандар аз. Зулушев, Бокоев, Женчороев деген депутаттар гана чырылдады. Бирок, алардын үнү жеткен жок. Бир топ проффессор академиктерибиз маселенин чоо жайын түшүнүп, билип турса да, президенттердин колунан ордендерин алышкан үчүн кодекстин кемчилигин ачык айта алышкан жок.
-Кодекстер мындан ары иштеши керекпи же жокко чыгарылышы керекпи?
-Бүгүн кодекстердин ишин токтотуп, президент мыйзамдарды кайра баштан карап чыгууга саясий чечим кабыл алып, аны парламент колдоп, кодекстерди иштеп чыга турган топту эч кандай чет өлкөлүк коомдор менен аласа бересеси жок билимдүү инсандардан түзүп , салыштырма процесстин негизинде карап чыгып, парламенттин кийинки жылкы планына киргизип, азыркы иштөө планы менен регламентти бузбай бекитиш керек. Ошондой чоң өзгөртүү болобу же кичине болобу каражат канча кетет аны да эсептеп кийинки жылдын бюджетине кошуп, башынан баштап, ар бир беренесин кылдаттык менен текшерип, адистер менен ачык талкуу уюштурушубуз керек. Ошондой эле калпыстыкка жол бергендерди жоопкерчиликке да тартып, ошол кодекстерди иштеп чыккандардын баарына берилген мамлекеттик ишмер деген наамдарды артка чакыртып алыш керек. Укуктук мамлекеттик ачык, уюшулган топ эксперттер менен эч нерсени карабай макулбуз деп кол койгон мекемелердин башчыларын укуктук мамлекеттин кызыкчылыгына каршы эл аралык күчтөрдүн каражатын колдонуп диверсияны жасаган үчүн иликтөө иштерин баштап, жоопкерчиликке тартуу шарт. Мына ушул нерселерди жасаганда гана президенттин эл арасындагы аброю кескин түрдө өсөт.
Эптеп септеп дагы да мыйзам бузуп, чалды-куйду оңдоолорду киргизип алып кетебиз десе кыргыз тарыхында дагы жаңы коркунучтуу барактар ачылышы толук мүмкүн.
Чынайым Кутманалиева
Булак: "Ачык саясат"