www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык жыйында 2026-жылдын биринчи беш айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктарын жана чет өлкөлүк түз инвестициялар боюнча көрсөткүчтөрдү жарыялады.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь–май айларында өлкөнүн ички дүң продуктысы (ИДП) алдын ала эсептөөлөр боюнча 781,0 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүш 12,2% деңгээлин көрсөттү.
Экономикалык өсүштүн негизги драйверлери катары курулуш тармагы (+64,6%), өнөр жай (+14,4%), тейлөө тармагы (+7,0%) жана айыл чарбасы (+3,7%) белгиленди.
Өнөр жай секторунда химиялык продукция өндүрүү үч эсеге өскөнү, фармацевтика 1,8 эсеге, транспорт каражаттары 1,6 эсеге, ал эми мунай продуктулары 43,7%га көбөйгөнү айтылды. Ошондой эле курулуш материалдарынын өндүрүшү (+36,1%), тоо-кен казып алуу (+19,7%), тамак-аш өндүрүшү (+15,7%) жана негизги металлдар (+12,4%) боюнча да өсүш катталган.
Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 157,0 млрд сомго жетип, 63,5% өсүштү түздү. Бул ички каржылоо булактарынын 1,6 эсеге, ал эми тышкы ресурстардын 2,3 эсеге көбөйүшү менен шартталган.
Чет өлкөлүк түз инвестициялар боюнча маалыматтарга ылайык, 2024-жылы алардын агымы 1 млрд доллардан ашса, 2025-жылдын жыйынтыгында 1,31 млрд долларга жетиши күтүлүүдө (+27,3%).
Инвестициялар үчүн эң жагымдуу тармактар катары маалымат жана байланыш (9,7 эсеге өсүш), саламаттыкты сактоо (3,3 эсеге), транспорт жана логистика (3,1 эсеге), тоо-кен тармагы (2,2 эсеге) жана кайра иштетүү өнөр жайы (1,8 эсеге) көрсөтүлдү.
Аймактар боюнча Жалал-Абад облусу лидер болуп, 420 млн доллар инвестиция тарткан. Андан кийин Бишкек шаары (401,3 млн доллар) жана Чүй облусу (228,4 млн доллар) турат. Ошондой эле Нарын облусунда (9,6 эсеге) жана Ысык-Көл облусунда (4,2 эсеге) олуттуу өсүш байкалган.
Ошол эле учурда айрым аймактарда инвестициянын азайышы катталган: Талас облусунда – 38,2%, Ош шаарында – 31,3%, Бишкек шаарында – 23,6%, Баткен облусунда – 4,2%.
Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга инвестициялык климатты жакшыртуу, административдик тоскоолдуктарды жоюу жана кайра иштетүү өнөр жайы, энергетика, инфраструктура жана логистика тармактарына узак мөөнөттүү инвестиция тартууну активдештирүү боюнча тапшырмаларды берди.