www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 2026-жылдын 16-июнунан тарта Кыргыз көчөсүнүн Саадаев көчөсүнөн Кичи Чүй каналына чейинки бөлүгү транспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Маалыматка ылайык, Кичи Чүй каналына чейинки иштер аяктагандан кийин түндүк айланма жолуна чейин айрым тилкелер этап-этабы менен жабылып турат.

Шаардык кызматтар айдоочуларды алдын ала маршруттарын пландап, альтернативдүү жолдорду колдонууга чакырат. Ошондой эле убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылуу өтүнүлөт.

МККБнын басма сөз кызматы билдиргендей, жол оңдоо жана инфраструктуралык иштер белгиленген график боюнча жүргүзүлөт.

Последние новости