www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмокто аялга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн шектүү үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу шаардык прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Алдын ала маалыматка ылайык, аял төрт баланы тарбиялап келет. Окуянын жагдайлары жана зомбулук канча убакытка созулганы тергөөнүн алкагында аныкталууда.
Токмок шаардык соту шектүүгө карата бөгөт коюу чарасын карап, аны үй камагына алуу чечимин чыгарды.
Прокуратуранын маалыматына караганда, учурда тергөө иштери уланууда.
Эскертке кетсек, буга чейин Токмок шаарына караштуу Дача-Суу айылында жашаган келиндин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жатканы тууралуу маалымат тараган. Бул боюнча шектүү катары жабырлануучунун күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарланган.