www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агартуу министрлиги Токмок шаарындагы мектептердин биринде мугалим тарабынан зордукталган окуучу боюнча комментарий берди.
"Агартуу министрлиги Токмок шаарындагы №6 жалпы билим берүү мектебинде жашы жете элек кызга байланыштуу болгон окуя боюнча Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө өз убагында кылдат териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасын берген.
Учурда Токмок шаарынын мэриясы тарабынан атайын комиссия түзүлүп, териштирүү иштери улантылууда. Мындан тышкары, бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан иликтөө жүргүзүлүүдө.
Агартуу министрлиги териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирет.
Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, күн мурун Токмок шаарындагы мектепте 2005-жылы туулган физика мугалими 2012-жылы туулган окуучуну зордуктаганы тууралуу маалымат тараган.