www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Вашингтондо өткөн “Тынчтык кеңешинин” жыйынында Казакстан Газа сектору боюнча түзүлгөн Кеңешке ири каржылык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

«Алгачкы кадам катары биз “Тынчтык кеңешине” олуттуу суммадагы каражатты кечиктирбестен бөлүүгө даярбыз», — деди ал.

Президент белгилегендей, Казакстан дүйнөдөгү ири буудай өндүрүүчүлөрдүн бири катары Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирүүгө жана сектордун азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого да көмөктөшө алат.

Ал Казакстан Эл аралык стабилдештирүү күчтөрүн колдоого, бул үчүн талаа госпиталы менен медициналык бөлүктөрдү, ошондой эле Жарандык-аскердик координация борборуна байкоочуларды жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

Каржылоонун так суммасы жарыялана элек. Бирок, “олуттуу сумма” деген сөз активдүү талкууну жаратты.

Мындан тышкары, Токаев кеңештин алкагында АКШ президенти Дональд Трамптын атындагы атайын сыйлык түзүүнү сунуш кылды.

«Мен президент Трамптын өзгөчө тынчтык орнотуу аракеттерин жана жетишкендиктерин таануу максатында “Тынчтык кеңеши” тарабынан ыйгарылуучу атайын сыйлык уюштурууну сунуштайм», — деди Казакстандын лидери.

Бул идея жакында эле Нобель сыйлыгы боюнча чыр-чатактын фонунда айтылды: январь айында Венесуэланын оппозиция лидери Мария Корина Мачадо Ак үйдө Трамп менен жеке жолугушуусунда ага өзүнүн Нобель тынчтык сыйлыгынын медалын тапшырган. Норвегиянын Нобель комитети сыйлык ыйгарылгандан кийин башка адамга өткөрүлүп берилбей турганын шашылыш түрдө жарыялаган. Бирок АКШ президенти сыйлыкты кабыл алган-албаганы белгисиз.

АКШ президенти Дональд Трамп былтыр январь айында Газа секторун калыбына келтирүү жана башкаруу боюнча “Тынчтык кеңеши” түзүлгөнүн жарыялаган. Анын ишине катышуу үчүн 50гө жакын мамлекеттин башчыларына чакыруу жөнөтүлгөн. Чакырылгандардын арасында Борбор Азиядан Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери бар. Кеңештин алгачкы жыйыны 19-февралда Вашингтондо өттү.

Последние новости