www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда райондун 90 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтүп, жыйынтыкталды.
Маданий иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген төкмө акындар катышып, кыргыздын салттуу айтыш өнөрүн даңазалашты.
Акындар өз өнөрлөрүндө элдин тарыхын, улуттук баалуулуктарды, мекенге болгон сүйүүнү жана коомдогу актуалдуу маселелерди чагылдырышты.
Айтыштын жалпы байге фонду 1 миллион сомду түздү.
Жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Баш байге:
Турат Жумаев;
Кутман Садыбакасов.
1-орун:
Эсенбек Кийизбаев;
Арген Биймырза уулу.
2-орун:
Баян Акматов;
Ажыбек Дүйшө уулу.
3-орун:
Жылдызбек Төрөканов;
Нурсултан Малдыбаев.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара кыргыздын төкмөчүлүк өнөрүн жайылтуу, улуттук маданий мурастарды жаш муунга жеткирүү жана салттуу чыгармачылыкты колдоо максатында өткөрүлдү.