www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-декабрга караган түнү Кыргызстандын түштүк аймагында жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 2:18де 3,5 баллдык жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кызыл-Жар айылынан 10 чакырым түштүк-батышта, Жыл-Көл айылынан 12 чакырым батышта, Үчкурган айылынан 15 чакырым түндүк-батышта, Шамалды-Сай шаар тибиндеги конушунан 21 чакырым түндүк-батышта жана Таш-Көмүрдөн 26 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Кызыл-Жар жана Жыл-Көл айылдарында 3,5 баллга жакын, Үчкурган, Шамалды-Сай, Кумда 3 баллга, ал эми Таш-Көмүрдө 2,5 баллга жеткен.