www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежелерин бузуу боюнча төлөнбөй келген айып пулдардын суммасы 250 миң сомдон ашты. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирип, өлкө боюнча айып пулдарды өндүрүү иштери күчөтүлгөнүн маалымдады. Мобилдик топтор жол тескөөчүлөр менен бирге карыздарды өндүрүү жана конфискацияланган унааларды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.
"Коопсуз шаар" системасы 2019-жылдан бери Бишкек, Ош шаарларында жана негизги трассаларда иштеп келет. Алгачкы долбоорду “Вега” концерни ишке ашырган. Экинчи этап болгон “Коопсуз шаар-2” – кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясына берилген. Бирок мөөнөтүндө аткарылбай калгандыктан 2022-жылы компания сотко берилген.
2025-жылы гана өлкө боюнча кеңири камтууга багытталган “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кирди. 1-октябрдан тартып анын алкагында байкоочу камера орнотулган комплекстер коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү автоматтык түрдө аныктай баштады.
ИИМдин маалыматы боюнча, учурда "Коопсуз шаар" аркылуу 12 миң камера иштөөдө. Ал эми “Коопсуз өлкө” толук ишке кирсе, өлкө боюнча 25 миңге жакын камера министрликтин борбордук системасына туташтырылмак.