www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-июлда борбор калаанын кээ бир аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, жарыктын өчүрүлүшү атайын бригаданын трансформатордук подстанцияларды оңдоосу менен байланыштуу. 

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

8:00-17:00 — Чолпон-Ата көчөсүндө;

9:00-14:00 — Туюк тар көчөсүнүн бөлүктөрүндө, Яблочный, Иртышский тар көчөлөрүндө;

9:00-17:00 — 8-кичи райондогу 15 үйдө (4төн 5ке чейинки подъезддер), Төмөнкү Ала-Арча (Панфилов, Киргизская көчөлөрү, Западный тар көчөсү) айылында;

9:30-12:00 — Көк-Жар (Шабдан баатырдагы № 38, 1-5 үйлөр) конушунда;

9:30-14:00 — Чыгыш-5 кичи районундагы № 3, 4, 6, 7, 9, 10, 14 үйлөрдө;

9:30-17:00 — Маяковский (Щербаковдон Васильевге чейин), Айтматов көчөсүндөгү №39 үйдө, Патрис Лумумба, Очаковская, Волкова көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;

11:00-15:00 — Шабдан баатырдагы №5/2, 6/2, 7/2 ,8/2, 9/2, 14/2, 15/2, №1/2, 2/2 үйлөрдө, Кара-Жыгач (Ысык-Көл, Соң-Көл, Өтмөк-Ашуу, Кереге-Таш, Кара-Жыгач, Субан ата, Исакеев) конушунда;

14:00-17:00 — Чыгыш-5 кичи районундагы №12/2, 23/2, 24Б, 24в үйлөрдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости