www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кипр Түрк Республикасында бычакталган Кыргызстандын жаранынын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, доктор Бурхан Налбантоглу атындагы мамлекеттик оорукананын дарыгерлеринин баамында жабырлануучу Ж.А.нын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ал түн ичинде мезгил-мезгили менен эсине келген.

Бүгүн, 5-августта ага кошумча операция жасоо пландалган. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө дарыланууну улантууда. Алдын ала маалымат боюнча, 6-августта жабырлануучунун жакын тууганы Түндүк Кипрге келери күтүлүүдө.

Ошондой эле Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгону маалымдалды. Кыргызстандын жаранына бычак менен кол салган Түркиянын жараны учурда оор абалда болгондуктан, анын ден соолугу мүмкүнчүлүк бергенден кийин суракка алынат.

Тышкы иштер министрлиги бул окуя боюнча тиешелүү иштер улантылып жатканын белгиледи.

Последние новости