www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылкы үлгүдөгү Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгүн легалдаштыруу жана чет мамлекеттерди дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер аркылуу маалымдоо боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 2025-жылкы үлгүдөгү Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгүн тааныбоо тууралуу министрликтин дарегине расмий кайрылуулар түшкөн жок.
"Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгү таанылбай жатат деген маалыматтар расмий тастыктамага ээ эмес жана чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын расмий билдирүүлөрүнө негизделбейт", - деп белгилешти министрликтен.
Ошондой эле ведомство жүк жана жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочусу катары Европа бирлигине мүчө мамлекеттерде эмгек ишмердүүлүгүн пландаштырып же жүргүзүп жаткан кыргыз жарандарына колдонуудагы талаптар тууралуу да маалымдады.
Европа бирлигинин укугуна ылайык, анын ичинде айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө 2006/126/EC Директивасына жана айдоочулардын квалификациясы жөнүндө 2003/59/EC Директивасына ылайык, айдоочу катары ишке уруксат берүү Европа бирлигинин ченемдери жана тиешелүү мүчө мамлекеттин улуттук мыйзамдары менен аныкталат.
Үчүнчү өлкөлөр тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктөрдү, анын ичинде Кыргызстандын күбөлүктөрүн колдонуу жана (же) алмаштыруу конкреттүү Европа бирлигине мүчө мамлекеттин улуттук мыйзамдары аркылуу жөнгө салынат. Мындай күбөлүктөр ЕБде өз ара таануунун бирдиктүү тартибине кирбейт. Айрым учурларда аларды алмаштыруу үчүн теориялык жана (же) практикалык сынактарды тапшыруу сыяктуу белгиленген жол-жоболордон өтүү талап кылынат. Бул талаптар Европа бирлигине кирбеген бардык мамлекеттердин жарандарына тиешелүү.
Ошол эле учурда министрлик Европа бирлигинин талаптары, анын ичинде Code 95 белгисинин болушу, айдоочулардын кесиптик ишмердүүлүгүнө кирүүгө байланыштуу экенин белгилейт. Мындан улам айрым Европа бирлигине мүчө мамлекеттерде Code 95 алуу, кошумча окуудан өтүү же күбөлүктү алмаштыруу зарылдыгы айдоочулардын кесиптик квалификациясына коюлган талаптар жана тиешелүү өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү менен шартталат.
Кесиптик квалификация (Code 95)
C1, C, C1E, CE, D1, D, D1E жана DE категорияларындагы транспорт каражаттарын башкарган айдоочу болуп иштөө үчүн жарактуу кесиптик квалификацияны тастыктаган белгилердин (Code 95) болушу милдеттүү.
"Code 95 — бул жүк жана жүргүнчүлөрдү коммерциялык ташууларды аткаруу үчүн милдеттүү окутуудан өткөнүн тастыктаган жана кесипкөй айдоочу катары иштөөгө уруксат берүүнүн зарыл шарты болуп эсептелген Европа бирлигинде бекитилген белги.
Code 95 алуу баштапкы квалификациядан өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Анын жарактуулугун узартуу үчүн ар 5 жыл сайын жалпы узактыгы 35 саатты түзгөн үзгүлтүксүз окуудан өтүү талап кылынат. Окутуу этап-этабы менен (ар бир модуль кеминде 7 сааттан) жүргүзүлөт жана мүчө мамлекеттердин улуттук эрежелерине ылайык теориялык жана практикалык бөлүктөрдү камтышы мүмкүн. Code 95 тастыктамасы айдоочулук күбөлүккө белгиленип тиркелет же жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлгөн өзүнчө айдоочунун картасы түрүндө берилет.
Code 95 боюнча талаптар айдоочулардын кесиптик квалификациясына гана тиешелүү болуп, транспорт каражатын башкаруу укугун тастыктаган документ катары Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн таануу маселеси менен байланыштуу эмес", - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Буга байланыштуу министрлик Кыргызстандын жарандарына Европа бирлигине мүчө мамлекеттерде эмгек ишмердүүлүгүн пландаштырууда барган өлкөнүн мыйзам талаптарын эске алууну сунуштайт.