www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КанаданынТамблер-Ридж шаарындагы мектепте болгон трагедиялуу окуянын кесепетинен 10 адам каза болуп, 27 адам жаракат алганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.
Учурда Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Канада Республикасынын тиешелүү расмий органдарынан болгон окуя боюнча толук маалымат алуу багытында зарыл иштерди жүргүзүүдө. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кырдаалга туруктуу негизде көз салууну улантууда. Кошумча маалымат берилет.