www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарында кармалган Б.Б. атттуу Кыргыз Республикасынын жараны боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.
Мурдараак маалымдалгандай, 2026-жылдын февраль айында Индиана штатында (АКШ) аталган жаран башкарган жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
АКШнын Индиана штатынын компетенттүү органдары тарабынан Б.Б.га карата расмий айыптар тагылган. Азыркы учурда адвокат ишти укуктук жактан коштоо иштерин жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүүдө.
Кыргыз Республикасынын АКШдагы чет өлкөлүк мекемелери адвокат менен туруктуу негизде, анын ичинде онлайн форматта жолугушууларды өткөрүп, жарандын өзү жана анын жакындары менен байланышта болууда, ошондой эле бул маселе боюнча компетенттүү органдар менен өз ара аракеттенүүдө.
Маселе Министрликтин көзөмөлүндө.