www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын тигүүчүлөрү акыркы айларда мурда болбогон кыйынчылыкка кабылды. Цехтер биринин артынан бири жабылып, миңдеген адамдар жумушсуз калды. Мунун баары Орусиянын чек арада күтүүсүздөн күчөткөн талаптарынан башталды. Документ, сертификат, маркировка, айтор, баары майда-чүйдөсүнө чейин текшерилип, жүктөр айлап казак-орус чек арасында тыгылып турат.
Ишкерлердин айтымында, бул тармак көптөн бери солгундап, кымбаттаган материал, көтөрүлгөн салыктар, Өзбекстандын өсүп жаткан атаандаштыгы менен күрөшүп келген. Чек арадагы жаңы тоскоолдук болсо акыркы “чечүүчү сокку” болуп тийди. Кээ бирлеринин товарлары артка кайтып, маркетплейстердеги кардарлары да жоголду. Айрым үй-бүлөлүк цехтер буга чейин эле араң кармалып келе жаткан, эми толугу менен жабылып, машинелер үйгө жыйналды.
Орус тарап муну көмүскө импортко каршы күрөш деп түшүндүрүп, “документтер толук болсо 8 мүнөттө өткөрөбүз” деп жатат. Кыргыз өкмөтү болсо маселенин баарын “документтерди туура эмес толтуруудан” көрүп, ишкерлерге тренинг өткөрүүдө. Бирок бизнес өкүлдөрү бул кадимки форс-мажор, алдын ала эскертилбеген саясий чечим деп турушат.
Өкүнүчтүүсү, 250 миңден ашык адамдын тиричилиги тигүү тармагына байланган өлкөдө ар бир жабылган цех бир үй-бүлөнүн эле эмес, бүт тармактын муңу экенин бийлик түшүнүп, жакындан жардам бербесе, бул тармактан кол жууп калуу коркунучу күч.