www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ТЭЦте жабыркаган эки адам Түркиядагы адистештирилген клиникага которулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Бүгүн Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу "Голджук" ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келген.

Дарыгерлер Этем Өзтүрк жана Энгин Четин cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен биргеликте жабыркагандардын абалы менен таанышып, бейтаптарды дарылоо тактикасын жана дайындалган дарылоону карап чыгышкан. Ошондой эле анын жыйынтыгы менен дарыгерлердин кеңешмесин өткөрүшкөн.

"Этем Өзтүрк эки бейтаптын абалы оор экенин, бирок алар эс-учунда экенин, суроолорго жооп берип жатканын белгиледи. Алардын абалын эске алсак, дарылоо узакка созулат, ошондуктан катуу күйүк алган бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн адистештирилген ооруканада дарылоо натыйжалуу болорун белгилей кетүү керек. Ал эми үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу", — деп жазылган маалыматта.

Буга чейин президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министрине чет элдик адистер менен консультацияларды уюштуруу боюнча тапшырма берген.

Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ТЭЦинде авария катталды. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат. Жарылуудан беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылган. Медиктер экөөнүн абалы оор экенин билдирди. ТЭЦке президент баштаган бийлик өкүлдөрү барган. Бүгүн, 3-февралда, шаардыктарга ысык суу менен жылуулук акырындык менен бериле баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости