www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Массалык баш аламандыкка чакырган ден шектелген жаран ИИМге жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине 1998-жылы туулган С.Т. массалык баш аламандыктар аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн, деп айтылат.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (массалык баш аламандыктар) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Келип түшкөн маалыматтын негизинде зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар уюштурулду. Жаран С.Т.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Шектүү мыйзамда каралган андан аркы аракеттерди көрүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Тергөө уланууда.