www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда УКМКнын кызматкери катары өзүн тааныштырып, жарандардын акча каражаттарын алдамчылык жолу менен ээлеп алган Н.Х.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Тактап айтканда, Н.Х.А. УКМКнын кызматкери катары өзүн тааныштырып, жарандарга белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн, ИИМ өндүрүшүндө турган кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча маселени чечүүгө жардам берүүнү убада кылып, 3 000 000 сом өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган. 

Кийинчерээк, берген убадасын аткарбагандыгы үчүн жаранга карызын кайтаруунун ордуна, шектүү жабырлануучуларга кысым көрсөтүп, "Кызмат адамына пара берүү боюнча" кылмыш ишин козгоо менен коркуткан.

УКМК Н.Х.А.нын алдамчылык аракеттеринен жапа чегиши мүмкүн болгон жарандарды КР УКМКнын Штаб-квартирасынын 0312-66-04-75, 0312-62-65-04 телефондоруна кайрылууну суранат.

УКМК коомчулуктан УКМК органдарына финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүү максатында жарандардын каражатын ээлеп алган мындай көз боемочуларга жана кылмыштуу аракеттерге ишенбөөгө чакырат. возможно пострадавших от мошеннических действий “Н.Х.А.” обращаться по телефону: 0312-66-04-75, 0312-62-65-04 Штаб-квартиры ГКНБ.

 

       

Последние новости