www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көк-Жарда "домком" жашоочуга ЖК депутаттыгына талапкерге добуш берүү үчүн 2000 сом бергени үчүн кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин тергөө кызматына Б.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган, анда көрсөтүлгөн күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунундагы үйлөрдүн «Турак жай ээлеринин шериктештигинин» (ТСЖ) төрайымы С.Н. анын батирине келип, жубайы Б.С. аттуу жаранга ичине 2000 сом акча каражаты салынган ЖКнын депутаттыка талапкерлердин биринин үгүт буклетин берип, көрсөтүлгөн талапкерге добуш берүүнү суранган. Ошол эле күнү берилген үгүт буклетти акчалай каражаттары менен кошо кайтарып беришкендиги тууралуу билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесине (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголуп, 1949-жылы туулган С.Н. аттуу жаранга айыбы угузулду.

Тергөө иштери уланууда.

 

Последние новости