www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика жана коммерция министрлиги менен Соода-өнөр жай палатасы ушул тапта аталган палатага кошумча ыйгарым укуктарды берүү маселесин карап жатышат. Анын ичинде Соода-өнөр жай палатасына өлкөнүн бардык бизнес-ассоциацияларын милдеттүү каттоо, ишкердик маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө макулдашуу, баалоочуларды милдеттүү сертификациялоо, эл-аралык жүк ташууга уруксат берүү, товарлардын статусуна корутундуларды берүү, экспортерлордун реестрин жүргүзүү жана башка ыйгарым укуктар берилгени жатканы айтылат.

Соода-өнөр жай палатасы башка Кыргызстандагы көптөгөн ассоциациялар сыяктуу эле мүчөлүккө негизделген бизнес-ассоциация экени белгиленип, ага “мажбурлап киргизүү палатанын монополиясына алып келери жана рынокту чектей турганы” көрсөтүлгөн.

“Соода-өнөр жай палатасы коомдук уюм, бирок иш жүзүндө мамлекеттик функциялар берилгени жатат. Мындай жагдай кызыкчылыктардын кагылышуусуна жана коррупциянын өсүшүнө алып келиши мүмкүн. Соода-өнөр жай палатасы өлкөнүн башка көптөгөн ассоциациялары сыяктуу эле мүчөлүккө негизделген бизнес-ассоциация. Ага кирүүгө мажбурлоо – бизнес-ассоциациялардын укуктарын чектейт, демек бул ассоциациялардын мүчөлөрү болуп саналган жүз миңдеген ишкерлердин (чакан жана орто бизнестин ишканалары жана жеке ишкерлер) укуктарын да чектейт. Бүгүнкү күндө өлкөнүн ИДПсында жеке сектордун салымы 70-80% жетет, бизнес-ассоциациялардын жана ишкерлердин укуктарынын чектелиши жеке сектордун ишине терс таасирин тийгизет”, – деп айтылат кайрылууда.

Кайрылууга Кыргызстандын агроөндүрүш комплексин өнүктүрүү (АПК), “Легпром”, JIA, Базарлардын ассоциациясы, Эл аралык ишкерлер кеңеши, Банктар бирикмеси, Кыргызстандагы Америка соода палатасы, Канаттуулар чарбаларынын бирикмеси, “Чакан ГЭСтер” ассоциациясы, Ун ишканаларынын уюму, “Билим берүү мекемелеринин союзу”, “Балдарга билим берүү мекемелеринин бирикмеси”, “Креативдүү индустриялар паркы”, “Ишкерлердин альянсы”, “Бишкек Ишкерлер Клубу”, “Евразия Бизнес Клубу”, электрондук коммерция, байланыш тармагындагылардын, сүт өндүрүүчүлөрдүн, балык чарбалардын, микрокаржылоо ишканаларынын, жеткирүүчүлөрдүн, камсыздандыруучулардын жана башкалардын ассоциациялары кол коюшкан.

Мындан сырткары алардын арасында “ЭлТранс”, “Ишкер”, “Курак аялдардын форуму”, “KG Analytics”, “She Starts”, “Аялдардын тынчтык банкы”, “Аймак таануу жана өнүктүрүү борбору”, “Жарандык демилгелерди илгерилетүү альянсы”, “Демилгелүү ишкер аялдар”, “Жер Азыгы” сыяктуу ишканалар да бар.

Миңдеген ишкерлердин башын бириктирген 36 бизнес-ассоциация президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдоп, ишкер уюмдарды Соода-өнөр жай палатасына мажбурлап киргизүү чарасын токтотуп калууга чакырышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости