www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Манас” аэропорту “Эйр Кей Жи” авиакомпаниясын толугу менен президенттин иш башкармасына өткөрүп берди. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,  бул компания 2013-жылы сентябрда “Манас” аэропортунун директорлор кеңешинин чечими менен негизделген. Мындай чечим “Кыргыз Республикасынын 2013-2017 жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында” каралган максаттарды ишке ашыруу үчүн кабыл алынып, компанияга өлкөнүн транспорттук дараметин жакшыртуу тапшырмасы коюлган. Компаниянын алдында учуулардын коопсуздугун, авиациялык тейлөөлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган иштерди аткарган Метрологиялык лаборатория бар.

Көрүнгөн бийликке футбол тобундай тепкиленген 12 миллион долларды «чыйт» түкүрүм көргөн Каныбек Туманов деген эңгезердей «клоун» бар. Ал ар кимдин тапшырмасын аткарып, «иттин куйругундай шыйпалаңлап» турганды адат кылып алган. Шыйпалаңдап жүрүп «шефтеринин» көзүнүн агы менен кошо айланчу. Атамбаев, Илмиянов, Жээнбеков деген мойнунан байлап алма кожоюндары оюндан чыкса дагы Туманбаев кийинкиге секирип оюндан эч чыкпай койду. «Хамалеондукту» кудай берген экен. Канга бойолгон «байкушка» боору оорубай, бийликтен жакшы устукан алып калармын, дикилдеп чуркагандыр.

Бийликтин «аурасы» айрандай аппак экенин билген жеткен «трайбалист» Каныбек Туманбаев  калтар түлкүдөй каңшылап, бийликтин жармасына ыктытып турган кербези. Ыктытканда эмне же Каныбек Туманбаев  буга чейин ыктытпай коюптурбу, ал бала болуп, башына жүн чыккандан бери ыктытып келатат. Атамбаев Алмазбек президент болуп турганда бул «алкоголдук синдром» менен өз каалаганын жасай берсин, Икрам Саттарович экөөбүз гана Кыргызстанда тейлейбиз деп, анын шопуру болсо да шорулдата соруп, бийликти бекем мыкчып калган. Садыр Нургожоевич чет мамлекеттен өз мекенине кайтып келаткан учурда Икрам Илмиянов менен бирге аны кежигеден кармап туруп түрмөнүн түбүнө тыгып, калп каткырып «высокоуважаемый» Алмазбек Шаршеновичке жүгүнүп баргандардын бири Каныбек Туманбаев. Алмаз акеси ого бетер опурулуп, ого бетер «алкоголдук синдромго» кирип, аны тирүүлөй жанчкыла дегенде, Каныбек Туманбаев Жапаровду канга бойогону эмгиче эл эсинен кете элек. Балким сүрөтүн көрсө эстеп кетер. Президенттик жарышка Икрам Илмиянов талапкердигин койсун деп итиреңдеп чыккандардын бири. Бирок Сооронбай Жээнбеков президенттик жарышка койгондо кайдан-жайдан экени белгисиз Асылбек Жээнбековдун кыйбас иниси боло калып, ал жердин шыбагасын соруп ичкен. Хамалеончо өзгөрүп турган Каныбек Туманбаев Жээнбеков бийликтен кетер менен Жапаровдун кол алдына сойлоп кирет да Кыргыз темир жолун көздөп калат. Кыргыз темир жолун жердештерине толтурган соң, Иш башкармачылыгы көздөй оогон Туманбаев бийликти каптады. Анын жасакер кошоматчылары сүрөөн болуп бул жакка ооп келгени менен «Кыргыз темир жолун» сүлүк курттай жапырт соруп турган  жердештери калышты.

Каныбек мырза, чет элдик ишкерлерден 12 миллион доллар алдап алганы чын-төгүнү билинбей кетти. Мамлекеттик кызматкер артынан сөз ээрчитпеген, таза элге үлгу болушу керек. Кадр тандоодо төгөрөгү төп келсе, анан маанилүү жумушка алуу парз. Эл аралык практика ушундай дыкаттыкты талап кылат. А биздечи? Ушул өңүттөн бир мисалга токтололу. Эмесе, ачык-айкындуулук үчүн президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев тууралуу сөз козгоп көрөлү. Учурдагы майлуу кызматына акчанын күчү менен келгени ырас. Анткени, «жүз досуң болгуча, жүз долларың болсун» деген принципти эш туткан Каныбек Туманбаев бул кызматка келиш үчүн кимдин көзүн кызартып доллар чачканы айтылбай келатат. Мурдагы шефи Икрам Илмияновдун артынан телчигип, байып алганынан улам доллар деген мында мол. Эми Илмияновдун эмне кереги бар? Азыр аны менен катташпай калды

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости