www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулукта социалдык тармакта режиссер Ырысбек Жабировдун «оппозициялык сөздөрдү сүйлөбөгүлө, кыркып койгула. Бүгүн элдин маанайын көтөрө турган концерт өткөрөлү»  деген видеосу тарап, талкууга жем таштады. Ал видео концерттин алдында бата кылуу учурунда регламентти сактоо иретинде айтылганын, эч кандай саясий максаты жок экенин билдирди. Концертке катышкан айрым куудулдар да, Жабировдун айтканынан саясатты көрбөгөнүн билдиришүүдө. Саясат талдоочу, укук коргоочулар болсо, куудулдарда, акындарда саясий темалар ажырагыс экенин айтып, алардын чыгармачылыгына чектөө койгону туура эмес дейт.  Окуянын чоо-жайы тууралуу баяндайбыз. 

Социалдык тармакта режиссер Ырысбек Жабировдун «оппозициялык сөздөрдү сүйлөбөгүлө, кыркып койгула. Бүгүн элдин маанайын көтөрө турган концерт өткөрөлү» деп айткан видеосу тарап, коомчулукта кызуу талкууланууда. Ал видео белгилүү куудул, маркум Рахман Разыковду эскерүү иш-чарасынын баштоо алдында тартылганы белгилүү болду. Концертти уюштуруу иши баштан аягына чейин режиссер Рысбек Жабировго жүктөлгөн. Концерттин режиссёру Ырысбек Жабировко окуянын чоо-жайын билүү үчүн байланыштык. Анда ал ал жерде программаны тааныштырып, эмне жөнүндө айтылып, айтылбастыгы тууралуу сүйлөшүү болгонун айтты.

Ал Фейсбук баракчасына видеодон үзүндү жүктөп, «саясаттан башка темаларга да кайрылгыла, азыр көрүүчү саясаттан чарчаган. Казактын Турсунбегиндей, өзбектин Аваз Ахунундай социалдык көйгөйлөр жана турмуштук окуялар менен сатира жараткыла. Бир депутат минтип айтты, бир чиновник антип айтты деп жүрүп, чыгармачылык изденүү болбой жатат» деп айткан элем»,- деп жазган.

«Андай сүйлөшүү бардык эле концертте болот. Анда «эмне жөнүндө айтабыз, айтпайбыз» деп кеңешебиз. Рахман агайдын ар кайсы убакытта, ар түрдүү окуяларга байланышкан сатиралары бар. Бирок сатиралары бүгүнкү күндө актуалдуу эмес, аны башкача кылып чыгаруу мүмкүн. Рахман агайдын сатираларындагы кээ бир адамдар каза болду, кээ бири чет өлкөдө дарыланып жүрөт, башка жакта жүрөт.  Ошолорго айтылган сөздөрдү өзгөртүп коюу деген мааниде айтылган». 

Концертти куудул Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев алып барган. Борончу Кудайбергеновдун айтымында, коомчулукта кызуу талкууланып жаткан видео Рысбек Жабировдун айткан сөзүнүн кыска бир бөлүгү. Жабиров ал жерде «бүгүн Рахман агайды эскерип, ошол жөнүндө айталы. Ушул концертте саясат, оппозиция жөнүндө айтпайлы» деп, элдин маанайын көтөрөлү деген максатта айткан.

Кудайбергенов ага карабасатан саясий темалар айтылганын белгилеп, буларга токтолду.

«Ырысбек Жабиров концертти уюштуруп, куудулдарды чакырып, программа түзөт. Концерттин алдынан Тынар экөөбүзгө «концертти кыскартпасак болбойт. Болгону 2 саат, сахнага чыга тургандардын саны 50гө чукул, баарын чыгаруу керек» деп айтты. «Анда беш адамдан чыгарабыз, ашыкча сөз сүйлөбөй, саясатты сүйлөп отура бербегиле. Бул концерт Рахман агай жөнүндө гана болсун, ошого тиешелүү гана сөздү сүйлөгүлө» деп түшүндүрүп жаткан. Ал саясий нерселерди ушул концертте эле айтпагыла, Рахман аке жөнүндө жакшы сөздөрдү айткыла деген, такыр саясий темаларды айтпагыла деген жок. Эл жакшы маанайда эс алып кетсин деген максатта. Бирок ошого карабастан желек тууралуу, жана башка саясий темалар айтылды». 

Концерттин алып баруучусу болгон куудул Тынар Курбаналиевдин айтымында, азыркы учурда бийлик тарабынан куудулдарга эч кандай кысым боло элек. Куудулдарга Атамбаевдин учурунда саясий сатираларга кысым болгон. Анда Спорт ордосунда Рахман Разыковдун 60 жылдык юбилейин өткөрүүгө тыюу салып койгон.

Ал маданиятка цензура келди дегенге кошулбастыгын айтып, социалдык тармакта кызуу талкуу жүрүп жаткан видео боюнча буларга токтолду:

«Маданиятка цензура келди дегенден алысмын. Рахман Разыковду эскерүү кечесине Рысбек Жабиров жаштарга саясатташтырбай, туура эмес сөздөрдү сүйлөп ар кайсы жакка бурбастан, чыныгы Рахман агайдын жакшы сатираларын айткыла деген максатта айткан. Ал жерде элдин маанайын көтөрүп, Рахман агайды эскелери деген, ал жерде эч кандай цензура жок».

Саясат талдоочу Эмил Жороев видеону көргөндө сөз эркиндигине болгон кысым, чектөө маданий чөйрөгө да келгенин түшүнгөнүн айтты.

«Видеону көргөн кезде эле менин ойлогонум биз даңазалап жүргөн Токтогул атабыз капаланды болуш керек. Чыгаан эл добушу айтып жүргөн сөздөрдү бүгүн ар кандай продюсерлер маданий чөйрөнүн кишилерине чектөөлөрдү киргизип жатканы, менимче, туура эмес. Бизде куудулдар, төкмөлөр, акындар ар дайым эркин болушкан. Алар үчүн саясаттан ары болуу деген, аксак жанр сыяктуу болуп калат. Саясат сөзгө алынат, тамашага алынат андан эч коркпош керек болчу. Тилекке каршы, биздин коомдогу сөз эркиндигине болгон ар кандай кысым, сөз эркиндигине болгон чектөө маданий чөйрөгө да келип калган экен деп түшүндүм».

Укук коргоочу Эржан Кайыпов коомчулукта кызуу талкууланып жаткан видео тууралуу буларга токтолду:

«Видео кесилген болушу мүмкүн. Бирок кандай болгон учурда да ал жерде деталдуу «оппозициялык» деп жатат, саясий дегенде да башкача бомок. Мен эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга катышып келем, ал жерде биз эркин ой жүгүртүүбүз, эркин пикир билдирип, айта алганыбыз менен айырмаланып келебиз. Бул биздин артыкчылыгыбыз, кайра бийликке упай алып келет. Азыр ал эркиндигибиздин жоготуп бараткандайбыз. Азыр кооптонуу, чектөө кирип жатат. «Бирөө митинг кылам, чогулуш өткөрөм» деген сөздү айткандан коркуп калды. Айткан киши камакка алынып жатат, бул-туура эмес иш». 

Ош шаарындагы «Кыргызстан» кинотеатрына КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыковдун ысымы ыйгарылган.

Белгилүү куудул Рахман Разыков Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылында төрөлгөн. Ал  «Бешилик», «Беш-Тапан» куудулдар тобун түзүп, чоң сахнага алып чыккан. Анын «Ар бир айдын алтысы, аралаштын азил-күлкү тамашасы» долбоору көпчүлүктүн колдоосуна татыган. Ошондой эле ал куудулдардын сатираларын жазып, тасмаларда да роль жараткан. Белгилүү сатирик 2021-жылы 66 жашында коронавирустан каза болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости